Катод-люминесцинция

Википедия дан

Катод-люминесцинция – затты электрондор (катод нуру) менен дүүлүктүргөндө (бомбалаганда) пайда болуучу люминесценция; радиолюминесценциянын бир түрү, мисалы, электр-нур түтүгүнүн экранынын жаркыроосу. Газ, мол. кристалл, кристалл-фосфор катод-люминесцинция. жөндөмүнө ээ. Кристалл-фосфор электрондук нурдун таасирине туруктуу келип, жетишерлик жарык чыгарат, ошондуктан ал катодлюминофор катары колдонулат. Катод-люминесцинциянын спектри фотолюминесценциянын спектрине окшош. Катод-люминесцинция вакуум электроникасында колдонулат. Катод-люминесцинция кубулушу лазерди түзүүгө негиз болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]