Кафесоглу Ибрахим

Википедия дан

Кафесоглу Ибрахим (1914-1988), белгилүү түрк тарыхчысы, Түркия тарыхынын Сельжуктар, Осмондор ддору, түрктөрдүн байыркы дини, маданияты боюнча ири адис, Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” ж.б. эмгектери аркылуу белгилүү болгон окумуштуу. Ибрагим Кафесоглу 1914-ж. Бурдур шаарында туулган. Атасы биринчи дүйнөлүк согушта курман болуп, балалык учуру оор мезгилге туш келген. 1936-ж. Анкара университетинин Тил, тарых жана география факультетине келип кирип, аны ийгиликтүү аяктаган. Илимдин кандидаттык (докторлук) ишин Венгрияда жазып, ал жактан 1945-ж келген. Бир катар университеттерде профессор болуп иштеген. Түркия адабият Фондун негиздеген илимпоз катары белгилүү.