Кахтаниттер

Википедия дан

Кахтаниттер ( араб. قحطانيون‎ ) - «түштүк арабдары», Кахтандын тукумдары. Араб тарыхына ылайык, Кахтан жана анын 24 уулу Араб жарым аралынын түштүгүн байырлаган, кахтаниттер деп аталган элдин ата-бабалары болуп саналат. Түпкү теги Араб жарым аралынын түштүк бөлүгүндө, негизинен Йеменде отурукташкан .

Ислам тарыхына ылайык, кахтаниттер, «арабдаштырылган арабдар» деп эсептелген аднаниттерден (Аднандын тукумдары) айырмаланып, «таза арабдар» деп эсептелет . Кахтаниттер эки топко бөлүнөт: отурукташкан (химяр) жана көчмөн (кахлан) . Кахлан да, Химяр да Сабы ибн Йашджуба ибн Йаруба ибн Кахтандын уулдары болуп эсептелишет. Исламга динине чейинки мезгилде химяриттер Йеменде өкүмдарлык кылып, адегенде иудаизмди, андан кийин христианчылыкты карманышкан. Химяр падышачылыгы Йеменге 72 жыл ээлик кылган соң, эфиопиялык аскерлер тарабынан басылып алынган (Ибн Хишамдын айтысуу боюнча). Кийинчерээк Сейф Зу-Йазан аль-Химьяр перс аскерлери менен бирге басылып алынган жерлерди эфиопиялыктардан бошоткон. Химяриттер мусулмандар тарабынан багынтылганга чейин персдердин бийлик алдында болушкан .

Химярлар куда'а, танух, калб, жухайна, узра ж.б. урууларына бөлүнүшөт. Кахландар - тайй, хамдан, амила, жузам, анмар, азд ж.б. урууларына бөлүнүшөт. [1] .

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Jirjī Zaydān, David Samuel Margoliouth, Umayyads and ʻAbbásids: Being the Fourth Part of Jurjí Zaydán, (about Islamic Empire), 1907, p.45.