Качыбек Шералы уулу

Википедия дан

Качыбек Шералы уулу (18-кылымдын аягы — 19-кылымдын 60-жылдары) — Ысык-Көлдөгү бугу уруусунан чыккан айтылуу элчи. Бугу уруусунун белек уруусунан; Шапактын небереси, Шералы бийдин уулу.
Россияга 1-элчилигинен кийин ал капитан чинин алган жана алоо кызыл тасмага тагылган алтын медаль менен сыйланган.

Качыбек Шералы уулу 1854-ж. 26-сентябрда элчи катары Омскиге кайра келип, бул жерде 1855-ж. 17-январда бугулуктардын атынан Россияга өтүү антын кармаган.
1858-ж. бугу уруусунун ага манабы болуп дайындалган. Майор чинин алган. Өмүрүнүн акырына чейин ал Россия менен достук байланышты чыңдоого аракеттенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.