Каңшыбек

Википедия дан

Каңшыбек"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Кашкардын каны. Аккуу кеп кийип Семетейди издеп Оогандан учуп чыкканАйчүрөк адегенде Кашкарга жетип, "Төгөрөк бышкан наны бар, Төрт булуң болгон тамы бар", отурукташкан, дыйканчылык менен кесиптенип, соода-сатыкта турмуш кечирген элди башкарган К-ти көрөт:

Кербендерин башкарып,

Жолдо жүргөн эме экен,

Боз качырын кекейтип,

Чомго минген эме экен.

Ысык жайды жайлаган,

Басса турса белине

Кетмендей токоч байлаган,

Жору куйрук чоң кетмен

Жонуна салып байлаган (Саякбай Каралаев,"Семетей", 1. 360),— деп сынайт да мындай турмуш көңүлүнө туура келбегенАйчүрөк андан ары сапарын улайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4