Келеме шарып

Википедия дан

Келеме шарып (арабча келаму-шариф, калем — сөз, сүйлөм; шариф-ыйык) — эпостун негизги варианттарында эскерилген ислам дининин уютку китеби Курандын элестүү аталыштарынын бири (мисалы, келамул-керим — кайрымдуунун сөзү жана башкалар). К. ш. Манаста «куран» терминине синоним катары кеңири пайдаланылат. Убадалашуунун өтө олуттуу түрү — ант берүү маалында Манас жана анын ишенимдүү жөкөрлөрү, чоролору, талапкерлери, насаатчылары тарабынан К. ш. кармалган. Адатта К. ш. кармоо жөрөлгөсү кыргыздын мусулман динин кабылдаганга чейинки «ак буудай унун (нанын) чайноо», «колун канга малуу», жоокердик курал менен касам ичүү (кылыч мизин кармап же жалап, аккелтени оозанып жана башкалар) сыяктуу жөрөлгөлөрү менен тыгыз байланышта ишке ашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4