Калан

Википедия дан
Кемчат‎»‎ барагынан багытталды)
Калан.

Калан (лат. Enhydra lutris, L. 1753) — деңиз кундузу - сүт эмүүчүлөрдүн суусарлар тукумундагы жырткыч.

Сууда жашайт, жакшы сүзөт. Денесинин уз. 1,5 м, салм. 40 кг га жетет. Башы тоголок, муруту узун, буту кыска, арткы буту сүзгүч калакка окшош. Куйругу жалпак, уз. 35 см ге жакын. Териси кара күрөр же кара, баалуу.

Тынч океандын түндүгүндө жана Американын Аляскадан тартып Калифорнияга чейинки жээктеринде кеңири таралган. Курил жана Командор аралдарында кездешет, арчылыктан азайып кеткендиктен Каланды уулоого тыюу салынган. Суу жаныбарлары менен азыктанат. Жылына бирди, кээде экини тууйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]