Кенешбек Сейталиев

Википедия дан

Кенешбек Сейталиев 1935 жылы 14-ноябрда Калинин азыркы Жайыл районуна караштуу Эриктүү айлында туулган. Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1956-жылы Фрунзедеги Чуйков атындагы көркөм окуу жайына өтүп беш жылдан кийин аяктайт. Биринчи эмгек жолун 1961-жылы Фрунзедеги радио-телевидение комитетинде художник постановщик болуу менен баштаган. «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларында 35-жыл эмгектенип, 400гө жакын китептерди көркөмдөө боюнча автору жана көркөм редактору болгон.

Союэдук жана Орто Азия республикалар ортосундагы мельдештерде диплом, грамоталарга ээ болгон. Көптогөн графикалык иштери мамлекеттик сүрөт музейинде сакталып турат.

1995-жылы Манастын 1000-жылдыгына карата жазалган Эмблемасынын автору. 1995-жылы Жогорку Кеңештин грамотасы, Эмгектин ардагери медалдары менен сыйланган.

Китеп басма тармагында: «Кыргызстан»; «Мектеп»; «Акыл» мамлекеттик концернде бөлүм башчысы болуп иштеп келген. 1995-жылдан бери ардактуу эс алууда.