Иоганн Кеплер
Johannes Kepler | |
Туулган жылы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Вайль-дер-Штадт, Ыйык Рим империясы |
Каза болгон жылы: |
15 -ноябрь 1630 (58 жаш) |
Каза болгон жери: | |
Өлкө: |
Ыйык Рим империясы |
Илимий чөйрөсү: | |
Альма-матер: | |
Белгилүү болгондугу: |
Кеплер закондору |
Белгилүү болгондугу: |
Кеплер закондору |
Кеплер Иоганн (немецче Johannes Kepler; 27. 12. 1571, Ыйык Рим империясы, Вейль-дер-Штадт шаары – 15. 11. 1630, Ыйык Рим империясы, Регенсбург шаары) – немец астроному жана математиги. Жаңы мезгилдин астрономиясын жаратуучулардын бири. Протестант мектебин бүткөндөн кийин, Тюбинген академиясынын диний семинариясын (1589), академияны (1591–93) бүтүргөн. Грац шаарындагы (Австрия) гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-ж. «Аалам сырлары» деген биринчи эмгегин жазган. Н. Коперниктин ишин улантуучу катары, чиркөө кызматкерлеринин куугунтугу аны Грац шаарынан кетүүгө аргасыз кылган. И. Кеплер 1600-ж. Прагада атактуу астроном Т. Браге жана иштеген, ал өлгөндөн кийин (1601) анын көп жылдык өтө так байкоолорунун материалдарын алган. Ал Прагада «Виттелого толуктоо» (1604), «Диоптрика» (1611), «Жаңы астрономия» (1609) деген эмгектерин жарыялаган. И. Кеплер планеталардын кыймыл законун ачкан. Анын биринчи эки закону «Жаңы астрономияда», 3-закону «Дүйнөнүн гармониясы» (1619) деген эмгегинде жазылган. Ал түзгөн «Рудольф таблицасы» жана ар кандай учур үчүн планетанын абалы аныкталган. Бул таблицанын негизинде эсептелген эфемериддер Чолпон, Күн диски боюнча өтө турганын (1631) алдын ала айтууга мүмкүндүк берген.
1589-ж. Тюбинген академиясына кабыл алынып, математика, астрономия, грек жана еврей тилинен, риторика, поэзия, этика жана философиядан лекция уккан. Математика жана астрономиядан профессор М. Мёстлин (1550 1630) лекция окуган. Кеплердин жөндөмүн байкаган профессор бир нече студент менен бирге Коперниктин астрономиясынан жашыруун сабак берип жүргөн. 1593-ж. магистрдик диссертациясын ийгиликтүү жактайт. М. Мёстлиндин сунушу менен профессордук кызматка сунуштап, Граца шаарындагы гимназияга астрономиядан лекция окуп, «Космографиялык сырлар» аттуу китебин жазат. Бул китеп Тихо Брагенин көӊүлүн буруп, Прагага чакыртып алат. Кеплер планеталарды Жер сыяктуу тело деген божомолду айткан. Коперниктин идеяларын колдоп, Жер жана планеталар Күндү айланарына ишенген. Устаты Тихо Брагенин көп жылдык байкоолорунун жыйынтыгын кайра текшерип, планеталардын кыймылынын үч законун (1602, 1609, 1618- жылдары) ачкан. Эфемеридалар (Күн, Ай жана планеталардын координаталары) жадыбалын түзгөн. Ал тутулуулар теориясынын пайдубалын тургузган. Окуляры жана объективи иймек линзадан турган телескопту ойлоп тапкан. Кеплер Европада биринчи болуп адам көзүн түзүлүшүн жана көрүү сезиминин пайда болушун түшүндүргөн. Бул ачылышты X кылымда араб астроному аль-Хейсем биринчи жолу жасаган.
Кеплер трагедиялуу тагдырга туш болгон. Протестант болгондуктан католик чиркөөсүнүн куугунтугунда болуп, үй-бүлөлүк турмушу да орунда болбогондон улам жакырчылыкта жашаган. Энеси сыйкырчы деп күнөөлөнүп, үч жолу өрттөлөрдө куткарып калган. Европадыгы он үч жылдык согушта полководец Валленштейндин жалданма астрологу катарында Европаны кыдырып чыккан. Рим империясынын биринчи астроному катары иштеген эмгек акысын убагында бербей коюшкан. 1630-жылы 15-ноябрда Регенсберг шаарында каза болот. Мүрзөсү каерде калганы да белгисиз болуп калган. Ал дүйнөнүн гармониясын астрология менен далилдөөгө аракеттенген. Тарыхта Кеплер-астролог өлгөн менен, Кеплер - астроном илимде жашап калды.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.