Кечээ, бүгүн, эртең (тасма 2018)

Википедия дан
Кечээ, бүгүн, эртең
Урааны

Чыныгы болгон окуя

Жанры

Социалдык драма, Драма

Директору

Берлалы Тоокелов

Режиссёру

Гүлнара Эшалиева

Продюсери

Абдырасул Эшалиев

Сценарийдин
автору

Жумабек Осмонов

Башкы ролдордо

Жыргалбек Жолдошев
Алмаз Сейитканов
Назира Мырзабаева
Темирлан Жапаров
Динара Тилекеева

Оператору

Заир Исаков

Узактыгы

89 мүнөт

Бюджети

15,000$ доллар

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2018

Super.kg

ID 215277

Кечээ, бүгүн, эртең — Режиссёр Гүлнара Эшалиеванын эң алгачкы көркөм тасмасы. Жумабек Осмоновдун "Шабдалынын гүлү" пьесасынын негизинде тартылган. Гүлнара Эшалиеванын, үн режиссёрунун жана оператордун дебютту.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үйдүн кожоюну Байыш бир нече жыл мурда кошуна-колоңдордун малын уурдап, абакка отуруп, жакында эле чыккан болот. Түрмөдөн чыккандан кийин ичкиликке берилип, үй оокаттары менен такыр иши болбой калат. Ал балдарына мээрим төгүп, тарбия бергендин ордуна ур-токмокко алып баштайт. Айылдагы балдар Эрмек менен Замирди аракеч, уурунун балдары деп оюнга да кошпой коёот. Бул үй-бүлөнүн тажаал кошунасы дайыма бир шылтоо таап, уруш чыгарып жүрөт. Байыштын кошунасы үйүн тегерете капкан коюп койот. Ал аял Байыш абактан чыкса жалгыз уюмду уурдап, арак ичип салат деген ойдо бул кадамга барат. Бир жолу Замир, Эрмек жана атасы болуп топ ойноп жатып, тобу кошунасынын бакчасына учуп кетет. Дарбазадан ашып түшүп, топту алам деген Эрмектин буту капканга түшүп калат. Баласынын ачуу чаңырыгын уккан энесинин жүрөгү ооруп, ошол жерден каза болот. Ал эми Байышты милиция кызматкерлери уруулукка шектүү деп кармап кетишет. Бир эле убакта орун алган кырсык, апасынын өлүмү жана атасынын суракка алынышы кичинекей Замирди жалгыз калтырат. Багар-көрөрү жок деп интернатка алып барса, Замир ал жактан качып кетет. Бирок бир тууган балдар ажаан аялды жаман көрүп калбайт, алардын мамилеси жакшы жакка өзгөрөт.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Жыргалбек Жолдошев Замир Замир
Алмаз Сейтканов Эрмек Эрмек
Назира Мырзабаева Байыштын апасы
Темирлан Жапаров Байыш Байыш
Динара Тилекеева Байыштын аялы

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]