Кең-Кол

Википедия дан

Кең-Колтопоним. Манастын ордосу турган жер катары эпосто кеңири кездешет. Эпосто:

Алмамбет, Чубак, Сыргагым ,

Жаткандан жамбаш талбайбы?

Чырм этсе уйку канбайбы,

Кең-Колго тиккен бак барбы

Керилип уктап жатуучу

Кең-Колдогу чак барбы? (Саякбай Каралаев, 2. 100),— деп эскерилет.

Географиялык реалияда Талас дарыясынын сол куймасы. Түндүк жактан кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан агып түшкөн суунун аты. К.-К. өрөөнү Кара-Жылга менен Кыргыз Ала-Тоолорунун ортосунан орун алган. Анын батыш жагы Кан-Жайлоо менен, чыгыш жагы Чөңөр ашуусунун батыш жагы менен чектешет. Өрөөндүүн узундугу 35 чакырым. К.-К. Таласты көздөй имерилишинде Манастын күмбөзү, Кароол-Чоку турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4