Кикабидзе, Вахтанг Константинович

Википедия дан
Вахтанг Кикабидзе. 2017.

Вахтанг Константинович Кикабидзе (груз. ვახტანგ კონსტანტინეს ძე კიკაბიძე), 1938. 19. 07. Тбилиси – 2023. 15. 01. Тбилиси) — грузиялык жана мурдагы советтик көрүнүктүү ырчы, обондуу ырлардын автору, кино аткаруучу, өнөрпоз, сценарий жазуучу, кинорежиссёр. Ал Грузиянын эл артисти (1980), СССРдин Мамлеекттик сыйлыгынын лауреаты (1978), Грузиянын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2013).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вахтанг Константинович Кикабидзе 1938-жылы 19-июлда Грузиянын борбору Тбилиси шаарында жарык дүйнөгө келген.

1955—1957-жылдары Тбилиси университетинде окуган.
1959-жылы Тбилиси филармониясында иштей баштаган.
1961—1963-жылдары Тбилиси чет тилдер институтунда окуган.
1966-жылы режиссёр Николай Константинович Санишвили тарткан «Тоолордогу жолугушуу» тасмасында алгачкы жолу рол аткарган.
1966-жылы грузиндердин «Орэра» (кыргызча «Ла-ла-ла!») эстрадалык тобунда өнөрпоз болгон.
1969-жылы режиссёр Георгий Николаевич Данелиянын «Кайгырбачы!» тасмасына тартылган.
1977-жылы Георгий Данелиянын «Мимино» тасмасында башкы ролду аткарган. Данелиянын «Мимино» тасмасы 1978-жылдын 27-март күнү советтик экранга чыккан. [1] Кикабидзе бул тасмадагы ролу үчүн 1978-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.
1981-жылы Кикабидзе төрт бөлүмдөн турган комедияга сценарий жазып, ага ылайык «Ак чүч, кадырлуум!» («Будь здоров, дорогой») дешен күлкүлүү тасма тарткан. Бул фильм Габрово-83 сынагында башкы байгеге ээ болгон.
1991-жылы Грузиянын эгемендигин ал шаттана тосуп алган.
Пост-советтик доордо Орусия, Украина, Кыргызстан жана Казакстанга бир нече ирет концерт менен келген.
70 жылдык мааракесине карата Кикабидзеге Грузиянын Ыйык Георгий атындагы Жеңиш ордени тапшырылган (2008).
Вахтанг Кикабидзе 2008-жылы Орусия аскерлеринин Грузияга кол салышын терең айыптаган. Ал Орусия Федерациясынын президентинин 2008-жылдын 19-июлундагы жарлыгына ылайык өзүнө ыйгарылган «Достук» орденинен ошол жылы августта баш тарткан жана Орусияда өткөрүлгөн жаткан концерттерин жокко чыгарылган.
Андан бери ал Орусияга каттай элек.
2014-жылы Кикабидзе Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп сүйлөгөн. Ал Владимир Путинди “карасанатай күчтөрдүн саясатчысы” жана “баскынчы” деп атап, курч сынга алган. [2]
2015-жылы жазында Кикабидзе Киев шаарында жана башка украин шаарларында концерт берген.
2017-жылы сентябрда “Аптап” (“Жара”) фестивалына катышып, «Чито гврито» деген ырды аткарган.

Кикабидзе бир катар обондуу ырлары аркылуу Евразияда таанылган. Ал беш континентти тең концерттер менен кыдырган. Анын «Чито гврито», «Менин жылдарым — өзүмдүн байлыгым» («Мои года — моё богатство») сыяктуу ырлары советтик Кыргызстанда да сүймөнчүктүү обондуу ырлар катары таанылган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы — кенже лейтенант, журналист Константин Николаевич Кикабидзе (1906—1942), Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Керч кысыгындагы уруш маалында дайынсыз жок болгон. Ал имеретилик дворян тукумунан болгон. )
Энеси — Манана Константиновна Багратиони, ырчы. Ал Багратиони-Давитишвили деген грузин бектеринин тукумунан болгон. )
Таянеси Ольга – Картли жергесиндеги бектердин көөнө Амирэжиб сулалесинен болгон. [3] )

Жубайы — Ирина Григорьевна Кебадзе (1965-жылы үйлөнүшкөн), ал мурда Тбилиси академиялык опера театрынын прима-балеринасы болгон.
Вахтанг Кикабидзенин уул-кызы бар.
Анын асырап алган кызы Марина Сагарадзе — Шота Руставели атындагы Тбилиси академиялык театрынын өнөрпозу (актрисасы), окутуучу.
Уулу Константин болсо — сүрөткер. Ал Көркөм өнөр академиясын аяктаган. Маскөөдө Грузиянын элчилигинде контрактка ылайык 3 жыл иштеген. Азыркы тапта ал Канаданын Торонто шаарында жашайт.

Неберелери — Маринанын уулу Георгий Арешидзе (1978; жээн небереси), жана Константиндин уулдары : Вахтанг (1986) менен Иван (1995).

Фильмографиялык маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кино актёру катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Тоолордогу жолугушуу» («Встреча в горах») — Гия (1966)
  • «Кайгырбачы!» («Не горюй!») — Бенжамен Глонти (1969)
  • «Хатабала» — Кинто (1971)
  • «Каймана аты – «Лукач» («Псевдоним: Лукач») (фильм) — Дурутти (1977)
  • «Мимино» — Валико Мизандари, башкача айтканда «Мимино» (1977)
  • «Дюма Кавказда» («Дюма на Кавказе») — Аркапос (1980)
  • «Ак чүч, кадырлуум!» («Будь здоров, дорогой») (1981)
  • «Үч ирет жаакка жеп...» («Три оплеухи») — Никала (1982)
  • «ТАСС билдирүү ыйгарым укугун пайдаланып...» («ТАСС уполномочен заявить…» (телесериал) — Жон Глэбб (1984)
  • «Ольга менен Константин» — Константин Гогуадзе (1984)
  • «Жолу болгондук» («Фортуна») (фильм) — капитан Фома Арчилович (2000)
  • «Каныша» («Королева») (фильм) — Ираклий Нодарович Дадиани (2008)
  • «005-чоң ата» («Дед 005») — Ираклий, грузиялык кардиолог дарыгер (2013), ж.б.

Режиссёр катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1981-жыл кинодо — «Ак чүч, кадырлуум!» («Будь здоров, дорогой»)
  • 1985-жыл кинодо — «Эркектер жана башкалар» («Мужчины и все остальные» (фильм)

Сценарист катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1981-жыл кинодо — «Дениң сак болсун, кадырлуум» («Будь здоров, дорогой»)
  • 1985-жыл кинодо — «Эркектер жана башкалар» («Мужчины и все остальные» (фильм)

Дискографиялык маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Альбомдор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Винил табактардагы чыгармалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1978 — Поёт Буба Кикабидзе (миньон)
  • 1979 — Поёт Вахтанг Кикабидзе (миньон)
  • 1980 — Поёт Вахтанг Кикабидзе (миньон)
  • 1981 — Пожелание (долгоиграющая)
  • 1981 — Пока сердце поёт (долгоиграющая)
  • 1983 — Вахтанг Кикабидзе поёт песни А. Морозова (миньон)

Магнит альбодор жана CD табактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1994 — Мои Года
  • 1996 — Ларису Ивановну хочу
  • 1997 — Письмо другу
  • 1997 — Секрет счастья
  • 1999 — Танго любви
  • 2001 — Лучшие песни
  • 2002 — Grand Collection
  • 2003 — Грузия, любовь моя (Тбилисские песни)(2CD)
  • 2004 — Старики-разбойники
  • 2006 — Экимян. Кикабидзе. Вот и встретились
  • 2006 — Танцы, шманцы, обниманцы
  • 2007 — Я жизнь не тороплю
  • 2008 — Проза жизни (дополненное издание)

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1978)
  • Грузиянын эл артисти (Грузия; 1980)
  • «Сыймык» ордени (Грузия; 1994)
  • Тбилисинин ардактуу атуулу (1998).
  • Маскөөдөгү «Жылдыздар аянтында» Кикабидзенин жылдызы да орнотулган (1999).
  • Ыйык Георгий атындагы Жеңиш ордени (Грузия; 2008) [4]
  • III даражадагы Вахтанг Горгасал ордени (Грузия)
  • Украинага эмгек сиңирген артист наамы (2013). [5]

Ал эми Орусия Федерациясынын президентинин 2008-жылдын 19-июлундагы жарлыгына ылайык Кикабидзеге берилген «Достук» орденинен ал өзү 2008-жылы августта баш тарткан.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Вахтанг Кикабидзени жакындары «Буба» деп эркелетишет. Режиссёр Георгий Данелия тарткан тасмаларда да анын ысымы «Буба Кикабидзе» деп берилген. [6]
  • Кикабидзенин атында заманбап эстрадада «Вахтанг Кикабидзе атындагы шаркыратма» деген панк-фолк-рок тобу Верхнотурье жергесинде түзүлгөн.
  • Кикабидзени кыргызстандыктар көбүнчө «Мимино» деп аташат. Ал Бишкекке да келип, концерт койгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мемуары наших грузин (сборник): Нани Брегвадзе, Вахтанг Кикабидзе, Софико Чиаурели. Издательство: «АСТ», 2014. ISBN: 978-5-17-082817-3.



Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan_History/1994234.html
  2. http://www.bbc.co.uk/russian/multimedia/2011/04/110411_kikabidze_itnerview.shtml Кикабидзе о том, почему он не выступает в России
  3. [http://www.trend.az/azerbaijan/society/2346145.html
  4. http://www.utro.ru/news/2008/07/23/754087.shtml
  5. http://www.president.gov.ua/ru/documents/16238.html Украинанын Президентинин № 655/2013 жарлыгы. 30.11.2013.
  6. Георгий Данелия. «Безбилетный пассажир».