Киндик Эне

Википедия дан

Киндик Эне — төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Курч устара менен баланын киндигин такай түбүнөн кесип, ага кийиз күйгүзүп басышкан. Кескен аялды К. э. деп аташып, экинчи эне катары эсептелген. Манас төрөлгөндө анын киндигин Дамбылданын аялы Канымжан кесет. Ал Сагымбай Орозбаковдун вариантында: .

Антаңдабай катындар,

Аныктап көрчү капырлар?

Жерден алгын тез деди,

Дамбылданын зайыбы

Киндигин өзүң кес деди (Сагымбай Орозбаков, 1. 77),— деп айтылат.

Төрөлгөн баланын киндигин кескен аялдын күйөөсү «Киндик ата» деп аталат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндөгү Каныкейдин жомогунда:

Кайып болуп талаага

Качып кеткен Бөлөкбай

Киндик атаң болучу

Бөлөкбайды көрө кел (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 161) деген баяндоодон киндик ата жөнүндө маалымат алабыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4