Кино жана «Манас»

Википедия дан

Кино жана «Манас». Искусствонун башка түрлөрү менен катар «Манас» эпосу кино өнөрүнүн өнүгүшүнө да өз таасирин тийгизип келүүдө. Бул залкар эпос улуттук жаш кино өнөрүнүн тарыхында бир топ даректүү тасмаларды жаратууга себепкер болгон. Кыргыз киносунун тарыхындагы эң алгачкы көркөм фильм жаратуу аракети да «Манас» эпосуна байланыштуу. 1941-ж. Алматынын киностудиясында (сценарийи Ж. Бөкөнбаев менен К. Исаев) «Манастын уулу Семетей» деген көркөм тасманы тартууга аракет жасалган. Болочок фильмдин режиссёрлору Г. Раппопорт менен А. Куттубаев болгон. Тилекке каршы бул ой оор шартка байланыштуу иш жүзүнө ашпай каган. 1962-ж. «Манас» эпосуна арналган эки бөлүктөн турган «Улуу эпос» деген тасма (сценарийи М. Байжиевдики, режиссёр — коюучусу Л. Турусбекова, оператору М. Туратбеков) тартылган. «Манас» эпосуна кызыгуулар жыл сайын артып, ар кыл пландагы даректүү тасмалар жарала баштаган.

Таланттуу манасчы Саякбай Карала уулуна арналган «Манасчы» аттуу даректүү фильмди (режиссёр Б. Шамшиев) тарткан (операторлору Б. Борбиев, Р. Петров). Ушул эле теманы режиссёр М. Убукеев үч бөлүктөн турган «Саякбай Каралаев» (1962) аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн «Улуу манасчы» (кенже режиссёру С. Токтоналиев, режиссёрдун жардамчысы У. Жукеев, кинооператорлору М. Туратбеков, Б. Алыбаев, сүрөтчүлөрү Ж. Касымалиев, А. Төрөбеков, композитору Б. Макеев) аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан. Кыргыз кино ишмерлери көркөм фильмдерди жаратууда да «Манас» эпосуна кайрылып, аны чыгармачылык менен пайдаланып келе жатышат. Кинорежиссёр Т. Океев «Кызыл алма» (1975, сценарийи Ч. Айтматов, Э. Лындина, Т. Океевдики, оператору К. Орозалиев, сүрөтчүсү Д. Жумабаев, композитору Ш. Калош), «Ак илбирстин тукуму» (1984, сценарийи М. Байжиев менен Т. Океевдики, оператору Н. Борбиев, композитору М. Бегалиев, сүрөтчүсү А. Макаров) көркөм тасмаларында «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү фильмге киргизип, кошумча драматургиялык материал катары пайдаланат. Өзгөчө эки бөлүктөн турган «Ак илбирстин тукуму» аттуу эпикалык фильминде Сайкал апанын (артист А. Жангорозова) «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарышы зор тааснр калтырат. Б. Шамшиевдин «Бөрү зынданы» (сценарийи Б. Шамшиев, Е. Абишевдики, кинооператору М. Мусаев, сүрөтчүлөрү Д. Касымалиев, Э. Салиев) аттуу эки бөлүктөн турган тасмасында «Манас» эпосунан пайдаланылган чакан эпизодду да эскере кетсек болот. Кинорежиссёр В. Карагулов өзүнүн алгачкы көркөм тасмасы «Айдагы жез кемпир» (1985, сценарийи А. Жакыпбековдуку, оператору М. Мусаев, сүрөтчүсү А. Макаров, композитору В. Киселев) аттуу фильминде да «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү орундуу пайдаланган. Натыйжада фильмдин идеялык мазмуну байыган. 1980-ж. тартылган «Жаш манасчылар» (оператору С. Макекадыров, сценарийи Б. Сарыгуловдуку) даректүү фильминде режиссёр Р. Байтемиров эпосту пропагандалоо, улам кийинки урпактардан манасчылык өнөрдү улантуу маселелерине кайрылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4