Китен алп

Википедия дан

Китен алпмифтик каарман. "Манас" эпосунда дөө, перилердин өкүлү катары жоо тарабында сүрөттөлөт. К. а. — эпостун байыркы катмарларына кирген ысым. Бул эпоним орто кылымда жашап кыргыздар менен түрдүү мамилелерде болушкан кара кытайларга байланыштуу. Алар тарыхта «кидандар» деген ат менен белгилүү болуп, 10 — 12-кылымдардын аралыгында күчтүү мамлекети болгондугу маалым. Ушундан улам К. а. эпонимин «кидан» этноними менен өзөктөш деп айтууга болот. Б. а. «Манас» эпосунун өнүгүү шартына, басып өткөн жолуна ылайык «кидан» этноними эпоско киргенден кийин К. а. эпонимине айланып калган. Мындай көрүнүш анчалык таң калыштуу эмес жана дайыма боло берүүчү нерсе. Тарыхтан белгилүү: кара кытайлар (кидандар) өздөрүнүн мамлекетин «ляо» (темир) деп аташкан. Демек, эпосто «Киндиги темир Китен алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80) деп ушул себептен улам айтылышы мүмкүн. К. а. эпоними Алтай , Сибирь жактагы түрк элдеринин фольклорунда жана эвенкилердин уламыштарында да көп учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4