Кичи Алай өрөөнү

Википедия дан

Кичи Алай өрөөнү - түштүгүнөн Алай, түндүгүнөн Кичи Алай кырка тоолору менен чектешет. Исфайрам суусунун жогорку бөлүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат. Ноокат р-нунун аймагында. Узундугу 50 кмдей, туурасы 1—2 км чамасында. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында 3640 м, ортосунда 2360 м, аягында 1660 м. Капталдары тик, батышты карай жантайыңкы. Тар капчыгайлар, кум шагылдуу жалпак беттер, корумдуу ойдуңдар, байыркы мореналар кеңири таралган. Негизинен палеозойдун гранит, акиташ тектери басымдуу. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы —10...—15°С. июлдуку 10—13°С. Өрөөн аркылуу Исфайрам, Шибе суулары агып өтөт. Өрөөндү курчаган тоолор мөңгүлүү. Негизинен бадалдуу шалбаалуу талаа (2600—2900 м), бадалдуу шалбаалуу токой (2300—3000 м), субальп (2500—3200 м), альп шалбаа (3200—3600 м) ландшафттары мүнөздүү. Арча токойлуу. Суу бойлорунда чычырканак, ал, терек, кайың ж. б. өсөт. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]