Кичи Суук-Төр мөңгүсү
Көрүнүш
Кичи Суук-Төр мөңгүсү — Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 6,5 км, аянты 9,0 км2. Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы. Жаңарттын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Этеги бири-бирине улай жаткан бир нече морена жалчасы менен курчалган. «Тилинин» сол четинде кар көчкүлөрүнүн конустары жатат. Мөңгүдөн Кичи Суук-Төр өзөнү агып чыгып, Жаңарттын оң куймасы — Суук-Төргө сол жактан куят.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9