Клара Чотоева

Википедия дан
Клара Чотоева. 2008.

Клара Чотоева (Klara Tchotoeva) – кыргыздын чет өлкөдө жашап жаткан музыкант өнөрпозу, пианист.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клара Чотоева Кыргызстандын Ош областына караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган.

Кыргыз Улуттук Консерваториясында окуп жаткан чагында мыкты чыгармачыл концерттери жана Улуттук пианино конкурсунда башбайгеге ээ болгону үчүн мурдагы СССР маданият министрлигинин атайын стипендиясына татыган.

Орусиянын борбору Москва шаарында П.И.Чайковский атындагы консерваторияда таалим алып, аспирантураны бүтүргөн.

Швейцариядагы Базель шаарында жайгашкан Музыка академиясында пианино аспабында ойноо боюнча магистр даражасын алган.

Концерттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Соңку 15 жылдан ашуун убакыттан бери Клара Чотоева өз атажурту Кыргызстандан тышкары Швейцария, Франция, Улуу Британия, Чехия, Орусия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдө концерттер берди.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жары, таанымал пианист Темиржан Ержанов (Temirzhan Yerzhanov) менен бирге компакт-диск да жарыялады.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]