Климат менен дарылоо

Википедия дан

Климат менен дарылоо - ден соолукту чыңдоодо жана ар кайсы ооруларды дарылоодо туруктуу жашаган жердин жана курорттор менен санаторийлердин климаттык факторлорун колдонуу.

Климат менен дарылоо атайын климаттык курорттордон башка да жергиликтүү курорттордо, шаарга жакын жайгашкан санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө, пионер лагерлеринде, дачага барганда, эс алуу жана туристтик жүрүштөрдө пайдаланылат. Климаттык курортто дарыланууда жүрөк-кан тамыр системасынын жана дем алуу органдарынын функциясы жакшырып, булчуңдардын тонусу жогорулап, кандын составы оңолуп, кычкылтек менен каныгуусу жакшырат, күн нуру нерв системасын дүүлүктүрүп зат алмашууну күчөтөт, күн нурунун таасиринен Д витамини пайда болот.

Анда организмдин физиологиялык механизминин адаптация мүмкүнчүлүктөрү жакшырып, организм чыңдалып, ооруларга туруктуулугу жогорулайт. Ал болсо санаторий-курорттук дарылоонун, анын профилактикалык ролунун негизин түзөт. Климат менен дарылоо жүргүзүүдө кээ бир шарттар - абанын температурасы, нымдуулугу, шамалдын ылдамдыгы менен багыты, күн радиациясынын күчү, жер кыртышынын радиациялык касиети, ландшафттын өзгөчөлүгү эске алынат. Климатты кескин түрдө өзгөртүү (мисалы, күн ысык кезде өлкөнүн түндүк райондорунан түштүккө көчүү) организмдин ыңгайлануу мүмкүнчүлүгүнө чоң талап коёт. Ошондуктан климаттын көп түрдүүлүгү организмди ар кандай климаттык шартка ыңгайлантууга көмөк болот (к. Акклиматизация). Кичине балдарга, улгайган, узакка ооруган, дем алуу, жүрөк-кан тамыр, нерв системасы бузулган кишилерге климат алмаштыруу зыян келтириши мүмкүн. Алардын ыңгайлануу реакциясы начар болгондуктан, жалпы абалы начарлап, оорусу кармап калышы ыктымал. Мындай кишилерге өзүлөрүнө көнүмүш болгон климаттык шартта дарылануу оң.

Климат менен дарылоонун негизги ыкмалары - аэротерапия (к. Аба жана күн ваннасы), деңизге, көлгө түшүү. Шаркыраган суунун, деңиздин жээгинде, тоодогу жашыл өсүмдүктөр (мисалы, ийне жалбырактуулар) өскөн жердеги абада кычкылтек менен озондон тышкары аэроиондор көп болот. Санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө атайын курулма (аэросолярийлер), пляж, бассейндер, ошондой эле парктарда сейилдеп жүрүүчү маршруттар, эс алуучу верандалар жана галереялар болууга тийиш. Булар аба ырайы бузулганда таза абада болуп, түрдүү кыймылдуу оюндарды уюштурууга абдан ыңгайлуу. Азыркы кезде курорттордо организмдин абалына жараша Климат менен дарылоо режимдеринин схемалары иштелип чыккан.

Биринчи режим - организмге акырындык менен аз күч келтирип таасир этүү (күндүз абада белгилүү мөөнөткө уктоо, аба менен суунун температурасы 20°тан жогору болгондо аба ваннасын алып, сууга түшүү жана бир аз убакыт күнгө күйүү жана башка).

Экинчиси - тонусту жогорулатуучу таасир берүү: аба менен суунун температурасы 18-19°та сууга түшүп, күнгө кактануу, түнкүсүн абада уктоо жана башка Үчүнчү режим организмди машыктырып, чыңдоо - абанын температурасы 15-17%та аба ваннасын алуу жана салкын (15%) сууга түшүү, күнгө узагыраак кактануу жана башка Дарылоо биринчи режимден башталып, оорулуу процедураларды жакшы көтөрсө, кийинкилери колдонулат. Климат менен дарылоо врачтын сунушу боюнча гана жүргүзүлөт, өз алдынча дарыланса ар кайсы кабылдоолорго (оорунун күчөп кетишине, күн өтүүгө) алып келет. Ошондуктан, климаттык курортко баруунун алдында врач менен кеңешүү зарыл.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8