Ко́но (эл)

Википедия дан

Ко́ноСьерра-Леоне мамлекетинде жашаган эл. Жалпы саны 125 миң адам.

Тил

Ко́но тили Нигер-конго макробүлөсүнүн манде уясына кирет. Ваи жана куранко тилдерине жакын.
Жазуусу латын алфавиттин негизинде түзүлгөн.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. 10% мусулмандар, 5% христиандар.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — кол менен иштетилген жер чарба. Күрүч, сорго, маниок, пахта өстүрүшөт.
Жапайы балды чогултуу.

Кол өнөрчүлүк

Кол өнөрчүлүктүн арасында темир устачылык, токуучулук, тери иштетүү кеңири таралган.

Коом

Үй-бүлө чоң, патрилинейлик. Чоң экзогамдык үй-бүлө топтору (дамби), жалпы тотемдик аталышы жана жалпы тамак-ашка салынган тыюусу менен.
Жашыруун союздар: эркек — Поро, аял — Бунду (Санде), Сьерра-Леоне жана Либериянын көпчүлүк элдерине мүнөздүү. Мергенчилердин союзу да бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Воляк П. С. Коно // Вокруг Света. 2009. № 11(2830). С. 222—223.
  • Выдрин В. Ф. Коно // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.- С. 543—544.
  • Львова Э. С. Этнография Африки. М.: Наука, 1984.- С. 45-46

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://anagrammes.academic.ru/3662/коно