Кобул

Википедия дан
Кобул.

Кобул – капталдары салыштырмалуу тик, узун, кууш, оюк жер.

Жер бетиндеги кобулдарга (дефляция, карст жана башка рельефти пайда кылуучу процесстердин таасиринен пайда болгон) жана океан тереңдиктериндеги кобулдарга бөлүнөт. Океан тереңдиктериндеги кобул 5000 мден ашык тереңдиктерде жатып, узундугу бир нече миң кмге, туурасы ондогон жана жүздөгөн кмге жетет.
Дүйнөлүк океандын, ошондой эле бүт Жер шарынын эң терең жери Тынч океандагы Мариана кобулу, анын тереңдиги 11022 мге жетет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]