Кодон

Википедия дан

Кодон, ү ч т ү к - генетикалык коддун бөлүнүүчү бирдиги, үч нуклеотидден турган информациялык (маалымат алып жүрүүчү) РНКнын бөлүгү. К. бир амин к-таны аныктап турат жана белоктун, синтезинин аякташына (нонсенс - К-дор же терминатор - К-дор) же башталышына (инициатор - К-дор) сигнал болушат. 64 кодондун 61, 20 амин к-таны маалымдап турат. Бул термин ошондой эле иРНК көчүрүп алган, ДНК молекуласындагы үч нуклеотиддин жайгашуу тартибин аныктоо үчүн да колдонула берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]