Кожата
Көрүнүш

Кожата — Аксы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Кара-Суунун оң куймасы. Узундугу 18 км, алабынын аянты 280 км².
Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу агат да, Сары-Челек көлүнө куят. Андан агып чыккан суу Тоскоол деп аталат. Өрөөнүнүн ландшафты өтө кооз, корук аймак болуп саналат. Алабы деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте жайгашкан. Жылдык орточо суу чыгымы — 4,96 м³/сек. Суунун эң көп агымы май-июнь айларында, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар жана жаан-чачын сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кызыл-Туу жана Аркыт кыштактары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2