Кожек уулу Жаңыбай

Википедия дан

Кожек уулу Жаңыбай - (1869–1942) манасчылыкты атадан-балага мурас катары алып келаткан манасчылардын бири. Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек (Көжөк) болуп, жети атасынан бери “Манас” айтып келаткан Жаңыбай Жумгал өрөөнүндө 1869-жылы туулган.

Жаңыбайдын түшүнө үч киши үч жолу кирип, түш көргөн сайын алар Баатырларды айтуу керектигин эскертишет. Андан кийинчерээк Баатырлар өздөрү да түшкө кире баштайт. Ошондон тартып, анын жомокчулугу арбыйт.

Жаңыбайдын “Семетейи” башка варианттардан кескин өзгөчөлүктөргө ээ. Ошондуктан, 1936-жылы Фрунзеде өткөн эл чыгармачылыгынын олимпиадасында калыстар тобу анын айткан эпосун жокко чыгарышат. Буга семетейчи катуу таарынып:

“Секетпай жаккан чоңдорго,

Семетей жакпай калдыбы?

Күңөтай жаккан чоңдорго,

Гүлчоро жакпай калдыбы?

Тулпарды тулпар кордосо,

Мараага жетпей жолдо өлөт.

Тууганды тууган кордосо,

Тутулуп кетип колдо өлөт” - деп, күңкүлдөп жолго салат.

Аны жакшы түшүнгөн белгилүү фольклор изилдөөчүсү К.Мифтаков өз чөнтөгүнөн айлык төлөп берип, Жаңыбайдын “Семетейин” толук жана “Манастын” айрым эпизоддорун жазып калган. Андан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19 445 сап ыр.

Башка бардык эле варианттарда Манастын энеси Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болсо, Жаңыбайда:

“Кара чаар жолборстун,

Өтү менен бооруна,

Ажыдаардын заарына,

Апакеси Чыйырды,

Үч ай талгагы канбас жери бар” – деп айтылат.

Кожек уулу Жаңыбай 1942-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]