Кожоев Жантемир
Көрүнүш
Ош облусун Кара-Суу районундагы Питомник айылында 1960-жылдары алгачкы мектепти уюштуруп анда мугалим болуп эмгектенген киши. Айылдын биринчи мугалими.
1934-ж. Алайдын Кызыл-Алай деген жеринде төрөлгөн. Алайдагы Кулу миңбашынын небереси,Өмүрзак бийдин уулу Кожонун жалгыз уулу. Баргы уруусунун Бакал уругунан.
Жалалабат педтехникумун бүтүрүп Питомник айылында мугалим болуп иштеген.
6 уул 5 кыздын атасы. 2014-ж. Ош шаарында кайтыш болгон.