Питомник айылы

Википедия дан
Питомник(Бирлик)
Питомник(Бирлик)
Өлкө

Кыргызстан

Дубанаев Шайназар

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1960-жылдар

Мурунку аталышы

Жылкелди, Өрнөк

Калкы
Расмий тили

кыргыз тили

Калкынын саны

1 486 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

кыргыздар, өзбектер, тажиктер, уйгурлар, орустар

Диний курамы

мусулмандар

Этнохроним

питомниктик, питомниктиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Питомник (кырг. Питомник) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Кара-Суу районундагы айыл. Жоош айыл аймагынын курамына кирет.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 1 486 киши. Көпчүлүгү кыргыздар, андан сырткары өзбектер, тажиктер, татарлар, уйгурлар жана бир нече түтүн кыргыздашкан орустар жашайт. [1]

Кеңеш(Совет) дооруна чейин бул жерлерде кыргыздын көчмөн жана жарым көчмөн жылкелди уругу жашаган. Алар кышында ушул айылдын аймагында кышташып, жайкысын Алайдын тоолорунда жайлашкан. Кээ бирөөлөрү биротоло отурукташып дыйканчылык менен алектенишкен. Учурда Питомник айылында кыргыздын баргы уруусуна кирген тооке, бакал уруктары, жору, кыпчак(жарты баш уругу), мундуз, каңды(Канглы) уруулары, Муңгуш уруулук бирикмесине кирген кодогочун, жылкелди уруктары, бир нече үй бүлө бугу уруусунун өкүлдөрү, өзбектин кушчу уруусунун өкүлдөрү ж.б. жашайт.

(Бул маалыматтар ушул айылдын биринчи мугалими 80 жаштагы Кожоев Жантемир аксакалдын айтуусунда жазылды.)

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.