Кожош

Википедия дан

Кожош«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Кыргыз бектеринин бири. Бокмурун атасы Көкөтөйгө аш бермек болуп курган кеңешке чакырылып, Бокмурун ашты Суусамырга берсек кандай болот? — деген сунушуна К.: «Тоосу бийик, жери тар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 71, 77),— деп каршы болот. Көкөтөйдүн ашы өткөндөн, жыл маалы болгондо кыргыз бектери чогулуп алып, аштагы нааразылыктарын эстешет, Манас менен басташмакчы болуп, Кошойго акыл салышат. Кошойдун «койгула» деген тилин алып, үйүнө кайтып кеткен жети бектин бири К. экендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 8—9).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4