Кож Ата

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кож Ата.

Кож АтаАксы районун аймагы аркылуу аккан суу, Карасуунун оң куймасы. Узундугу 18 км, алабынын аянты 280 км2.
Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу агат да, Сарычелекке куят; андан агып чыккан суу Тоскоол деп аталат.
Өрөөнүнүн ландшафты өтө кооз, корук. Алабы деңиз деңгеели 2000 м бийиктикте жатат.
Жылдык ортчо чыгымы 4,96 м3/сек. Эң көбү май–июнда, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат.
Боюнда Кызылтуу, Аркыт кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]