Мазмунга өтүү

Койсан расасы

Википедия дан

Койсан (бушмен, кап) расасы — африкалык раса. Мурда бул раса негроид расанын бир бөлүгү деп эсептелген. 1962 жылы америкалык антрополог Карлтон Кун тарабынан кичи раса катары сунушталган.
Азыркы мезгилде койсан расасы өзүнчө чоң раса катары каралууда.


Бушмен мергенчи.


РАСАНЫН ЖАЙЫЛЫШЫ

Түштүк Африкада таралган. Койсан расанын өкүлдөрү — бушмендер, готентоттор жана Түштүк Африкадагы кээ бир банту тилдеринде сүйлөгөн этникалык топтор.


МҮНӨЗДҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • Башка негроиддерден айырмаланып, койсаниддер тери күрөң же саргыч-күрөң түсүнө ээ.
  • Бою негроиддерге (пигмейлерден башка) караганда төмөн.
  • Жүзү кичинекей, жалпак.
  • Көздөрү негроиддерге караганда кичине, үстүңкү кабактын бүктөмү жакшы өнүккөн. Эпикантус кездешет.
  • Чоңдордун терисинде эрте бырыштар байкалат.





КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

Койсан расасы Түштүк жарым шардагы байыркы расанын калдыгы деп эсептелет. Байыркы убакта ал раса кеңири таралган, анын ичинде экватордун түндүгүндө. Бул фактыларды палеолит жана мезолит табылгалары (байыркы расанын белгилери менен) тастыктайт.
Кийинчерээк, түндүктөн жана батыштан келген негроиддер байыркы расаны сүрүп чыгарышкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]