Койчу баштык

Википедия дан
Койчу баштык.

Койчу баштык (лат. Capsella bursa-pastоris) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Сабагынын бийикт. 50 смге чейин. Жалбырактары жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашкан, көбү тамыр моюнчасынан өсөт, саптуу, жээги бүтүн же майда тилкелүү. Урук кутучасы – саадакча. Жол боюнда, айдоо жерлерде, огороддо отоо чөп катары өсөт. Жер шарынын бардык жеринде бир гана (арктикадан башка) түрү кездешет.

Медицинада кан токтотуучу дары чөп катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]