Кокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалы

Википедия дан

Кокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалы — Кокон хандыгынын тушунда кыргыз эли түпкү ата конуштарын ээлеп турган. XIX к. орто ченинде кыргыздардын саны болжол менен 400 мин кишиден ашкан (айрым маалыматтар боюнча 800 мин). В. Радловдун эсебине Караганда 80 миң түтүн кыргыз болгон. Ал кезде кыргыздар көп сандаган уруу, уруктардан турчу. Уруулардын ортосунда туруктуу, тыкыс экономикалык байланыштар, өз ара бекем биримдик болгон эмес. Ич ара феодалдык чыр-чатактар кыргыз элин алсыратып бирдиктүү мамлекеттин түзүлүшүнө кедерги болгон жана коңшу өлкөлөрдүн кол салып туруусу үчүн оңтойлуу шарт түзгөн.

Кыргыз жылкысы - бул монгол жылкысынын бир түрүнө кирет Ал өзүнүн чыдамкайлыгы, тоодо жана түздө да бирдей Гогену менен кескин айырмаланган. Жергиликтүү уйлардын бою келип тоого ылайыкташкан, бирок алардын сүттүүлүгү төмөн койлорунун жүнү кылчык, өзүлөрү куйруктуу болуп ар кандай жуттарга, жаратылыштын катаал шарттарына туруктуулугу менен айырмаланган. Ар бир уруу жайдыр-кыштыр өзүнчө бир аймакта көчүп-конуп малын багышкан. Алар өрөөндөн оого бийик тоодон шалбааларга чейин кечуп-конуп журуп, кузунде кайра улам ылдыйлап, кыштоолорго тушушкен. Кыргыз- дын малдары кышында кол карабастан, дайыма талаада оттошкон Кар калын түшкөн жылдары алдыга жылкыны кое берип ар карды тээп, оттоп кеткен жерлерге уйларды, андан кииин койлорду жайышкан. Тик беттердин карын көчүрүп жиберүү менен да кышьшда койлорду тоюттандырышкан. Жазында малдарды эрте ачылган бекселерге кектееге чыгарышкан жана ошол убакта койлорун төлдөтүшкөн. Ал эми күн ысып, чымын-чиркей, кеген чыгып баштаганда бийик тоолуу жайлоолорго көчүшкөн. Жайлоолордун көпчүлүгү ак карлуу мөңгүлөргө жакын жайгашып, абасы таза, салкын болуп, малдын семиришине жакшы ген Мөңгүдөн аккан тунук сууну, бииик тоо шалбаасын, таза абасын табш-аттын мал өстүрүүгө ынгайлуу шарттарын кыргыздар тээ байыртан эле жакшы билип, аны туура пайдаланышкан. Күзүндө күн суук боло баштаганда жайлата жакшылап семирген малдарын күздөөгө түшүрүп багышкан. Жайлоодон эттенип түшкөн мал кышында суукка моюн берген эмес. Күзгү эгин оруп- жыюудан кийин малчылар кыштоолорго көчүп келишкен. Катаал кыштан кийин жазгы жайлоого кечүү -кыргыздар үчүн өзүнчө бир шаан-шөкөттүү майрамга айланган.

Арыкты ошол тегеректеги сакалдуу кишилердин көрсөтмөсү менен жапа тырмак казышкан. Арыктын денгээлин кез болжол менен эле аныкташкан элдик адистер болгон. Алар кыбачы деп аталган. Карагайлардан ноолорду чабаарда керки деп аталган балтаныкындай, бирок кичине, сабына туурасынан келтирип сапталган темир куралды колдонушкан. Дагы бир колдонулган курал байтеше деп аталган, анын сабы узун, мизи балтаныкындай жалпак, бирок туурасынан сапталган. Эгерде арыкка суу көп келүүчү жерлер болсо, анда эки ноону катар коюшуп, аларды түркүктөргө бекитишкен. Ноолорду бири- бирине темирден жасалган чаңгектер менен каратышкан. Айдалган жерлерин жайлоодон убак-убагы менен келип сугарып турушкан да күзүндө келгенде жыйнап алышкан. Түшүм жыйналгандан кийин гана тоодогу малды ылдый түшүрүшкөн. Жакадагы эгин- чөптөрдү негизинен жатакта калган жатакчылар багып өстүрүшкөн. Негизги жер айдаган курал - буурсун болгон. (Аны түштүктөгүлөр омоч деп аташкан.) Анын учтуу жагына чоюн тиш киигизишкен. Ал эми VIII к. кыргыздардын «тишти» арчадан да жасагандыгы белгилүү. Дыйканчылыктын бардык жумушта- рына ылайыкташтырылган кетмен куралы азыркыга чейин кеңири колдонулуп келе жатат. Жер айдагандан кийин үрөндү баш кийимдерине, этегине же териден жасалган торбуга (чака) салып алып кол менен себишкен. Ал эми кээ бир жерлерде ат үстүнөн да себилген. Үрөн сепкенден кийин мала же шак мала деп аталган бутактуу шыргый менен тырмашкан. Кийин, так айтканда XIX к. экинчи жарымында темир соко менен темир тырмоолор пайда боло баштаган. Түшүм жыйноодо жалгыз курал - кыргыз орок же кол орок болгон. Ал эми Борбордук Азиянын башка аймактарында мацгел деп аталган орокко окшош, бирок тиши жок курал колдонулган.

Эгинди талаадан боолап, кырманга чийнеге - «жер өгүзгө» салып ташып келишкен. Кырмандан эгинди төмөнкүчө бастырган, литого орнотулган мамыга жыгачтан (ичке талдардан) жасалган ипмберек кийгизип, ага аттарды же өгүздөрдү катар байлап, Гамыны айланта айдап бастырышкан. Бул темин деп аталган. Кастырылган эгиндерди биринчи жолу айры менен, экинчи жолу жыгач күрөк менен желге сапырып тазалашкан. Темин бастыруу- Тмоло таштарды да пайдаланышкан. Аны ири таш кесектеринен колго чегип жасачу. Буудайдан суу тегирмендерге ун салдырышкан. Ал эми жарма, максымга талканды бозого шакты, угутту кол менен жаргылчактарга тартышкан. Эгинди кырмандан толугу менен бастырып бүткөндөн кийин майда жандыктан курмандык чалып дыйкандын колдоочусу Баба дыйканга багыштаган.