Кокс

Википедия дан
Кокс.

Кокс — катуу, бекем, көңдөйлүүлүгү жогору, күйүүгө жөндөмдүү, хим. актив-дүү, кара күңүрт түстүү зат. Курамы: орг. бөлүгү 94-95 % C, 1,5 % О2, 1,5-2% Н2 жана 1,2-1,7 % S турат. Минералдык заттар 10-11 % түзөт. Структуралык түзүлүшү б-ча графитке жакын. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү орточо алганда 7950 ккал/кг. Негизинен (80%) металлдар өндүрүүдө отун катары жана металлды калыбына келтиргич катары колдонулат. Жогорку темп-раны пайда кылуу менен ылдам күйүүсү, калыбына келтиргич сапаты анын көңдөйчөсүнүн көптүгүнө (45-55%), майдаланган бөлүкчөлөрү кесектигине жараша болот. Канчалык көңдөйлүгү көп, кесегирээк бөлүкчөлөр болсо,, ошончолук анын беттешүү аянты жогору болуп, күйүү жана калыбына келтирүүсү ошончолук ылдам жүрөт. Курамында күлгө айлануучу минералдык заттар, нымдуулук, күкүрт чектен жогору болушу анын жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Электен өткөзүү аркылуу кесектиги өлчөмүнө жараша үч фракцияга ажыратат. 40-80 мм чегиндеги фракциялар металлургия ө. ж-нда, 10-20 мм чегиндеги фракциялар отун катары, 10 мм чоң эмес өлчөмдөгү фракциялар күйүүчү газга айландырылат. 1 т К. көмүрдөн 650-750 кг К. чыгат. Таш көмүрдөн алынган К. айырмаланып нефтиден алынуучу К-тун курамында минералдык заттар болбойт.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]