Кокс химиясы

Википедия дан

Кокс химиясы — химиянын табигый отундардан химиялык заттарды, металлургияга керек болуучу коксту өндүрүү ишин изилдөөчү жа иштеп чыгуучу тармагы. Катуу отундарды иштетүүдө Кокс химиясындагы пиролиз — жогорку температурада жүргүзүлүүчү татаал гетерогендүү процесс. Көмүрдү акырындык менен 1000°Сге чейин ажырашы аркылуу көмүртек менен байыган катуу фаза (кокс), углеводороддордун буусу жана газы пайда болот. Ал процесс негизинен үч баскычтан турат: көмүр шихтасын даярдоо; кокстоо, газ-буу аралашмасын, коксту бөлүп алуу; газ-буу аралашмасын кайра иштетүү. Акыркы баскыч ирети менен жүргүзүлүүчү төмөнкү процесстерди камтыйт: а) буугаз аралашмасын муздатуу менен конденсатка айлантуу, чайырды жана чайырдуу сууну бөлүү; б) аммиакты кармап калуу; в) ароматтык углеводороддорду сиңиртүү жана аларды ажыратуу; г) ароматтык углеводороддорду өтө муздатуу менен фракцияларга бөлүү; д) таза углеводороддорду алуу үчүн чайырды кайра иштетүү. 1 т көмүрдөн орточо 700-750 кг кокс, 30-35 кг чайыр, 120—150 кг (300-320 м3) газ, 10-11 кг чийки бензол алынат. Процесстин жүрүшүнө, заттардын аз же көп алынышына баштапкы чийки заттардын курамы, көмүрдүн майдалануу деңгээли, тыгыздыгы, кокстоонун ылдамдыгы жана температура таасир этет. Өндүрүлүп жаткан көмүрдүн 25%ке чейинкиси кокс заттарын өндүрүүгө жумшалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]