Колдонуучунун баарлашуулары:Cianzera

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Преамбула[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Салымыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Бирок, өлкөлөр тууралу макалалардын преамбуласын (мамлекет тууралу кыскача маалымдама) өчүрбөөңүздү суранам (үлгү катары "Кыргызстан" макаласын карасаңыз болот). Кээ бир учурларда чоң маалымат бөлүктөр да болушу мүмкүн (бөлүмдөргө бөлүнбөгөн, абзацтары жок ж.б.), аларды толугу менен өчүргөндүн ордуна иреттеш керек. Же өчүргөнүңүздүн себептерин жазып койсоңүз башка колдонуучуларга сизди түшүнүүгө жеңилирээк болот.
Мындан ары да салымыңызды кошууңузга үмүттүнөм.--Bosogo (баарлашуу) 16:26, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2021 (UTC)

Саламатсызбы. Салымыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сураныч, эмкиде өзгөртүүлөрдү киргизүүдө далилдөөчү булактарга шилтемелерди көрсөтүүңүздү суранабыз. Антпесек булагы жок салымдарга булагы жок [булак?] деп белгилөөгө мажбур болобуз. Kmaksat (баарлашуу) 20:55, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2021 (UTC)

Узартылган кыргыз алиппеси ???[булагын түзөтүү]

Cianzera мырза, арыбаңыз. Көпчүлүк калктуу конуштардын аттарына Узартылган кыргыз алиппеси деген жазуу менен аттарын коштой баштаптырсыз. Эмне максатта минтип жазып жатасыз? Бул Узартылган кыргыз алиппеси качан жана ким аркылуу кабыл алынды эле? Азыркы учурда бул алиппе кайсы өлкөдө колдонулат? Урматтоом менен,
Kmaksat (баарлашуу) 15:30, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

Биздин латиница Cianzera (баарлашуу) 18:18, 22 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

Саламатсызбы.
@Kmaksat мырза туура белгиледи. Кыргызстанда расмий түрүндө кириллица колдонулат, ошондуктан калктуу конуштарды латин арипинде жазылышы менен коштогонго себеп жок.
Ошондой эле "Узартылган кыргыз алиппеси" макаласында бир да маалымат булактарга шилтеме жок. Википедиянын негизги принциптерине ылайыктуу шилтемелер болуш керек. Рахмат. Bosogo (баарлашуу) 18:04, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

Долбордун аталышын аныктоо[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Биздин долбоорубуздун аталышын аныктоо үчүн талкуу башталды. Талкуу бул жерде жүрүүдө.--Bosogo (баарлашуу) 14:32, 13 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Казакстандагы нааразылык жүрүштөр (2022)[булагын түзөтүү]

Казакстандагы нааразылык жүрүштөр (2022) макаласын түзөткөнү бүтө элек болчумун. Негизги маалымат батыраак Википедияга кошулсун деп, андан кийин аз-аздан оңдой берем деп ойлогом. Бир маалда макаланы оңдосок түзөтүүлөрдүн тирешеси болуп оңдогонубузду киргизе албайбыз. Ошондуктан, негизги көзгө көрүнгөн каталарын алып салайын (1 саатка чейин оңдобой турсаңыз жакшы болмок). Википедия - бул энциклопедия. Дээррлик ар бир киргизилген маалымат булактар менен камсыздалыш керек. Оң жактагы калыпты толуктап, шилтеме калтырсаңыз жакшы болмок. Ошондой эле факттар боюнча каталар бар экен. --Bosogo (баарлашуу) 09:43, 8 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Ок Cianzera (баарлашуу) 08:57, 11 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

@Cianzera Ооба, калып керек, бирок жалган маалыматтын жазылышы керек эмес. Bosogo (баарлашуу) 10:26, 12 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Булактарды кошуу[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Башка тил бөлүмдөрдөн макалаларды которсоңүз да, баары бир булактарга шилтемелерди кошуш керек.--Bosogo (баарлашуу) 14:55, 10 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

  • @Cianzera Башка тил бөлүмдөгү макалаларда булактарга шилтеме бар болсо да, сиз булактарды кошпой макалаларды жаратууну улантып жатасыз. Бул Википедиянын 5 негизги принциптеринин бирине дал келбейт (учурда кыргыз тилине которула элек, ошондуктан орус тилиндеги котормосун окусаңыз болот: ru:Википедия:Пять_столпов. Макала түзгөндөн кийин булактар болуш керек. Болбосо, өчүрүүгө туура келет эле. Ооба, азыркы учурда дээрлик бардык макалалрда булактарга шилтемелер жок. Бирок, ага карабастан макалаларды туура түзүүгө чакырам.
Чет тилдүү булактарга тыюу салынган эмес. Ошондой эле, булактарга шилтемелердин сүрөттөмөсү чет тилде болсо да аларды которсо болот.--Bosogo (баарлашуу) 18:27, 10 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]
@Cianzera Саламатсызбы. "Түнкү чек-ара окуялары (2022)" макалаңыз бир да булак менен коштолбогону үчүн өчүрүлдү. Bosogo (баарлашуу) 14:51, 16 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]