Колдонуучунун баарлашуулары:Kmaksat

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Саламатсызбы... Кыргы Уикипедиясына кошуп жаткан салымыңыз үчүн, сизге ыраазычылык билдирем!!! Администраторлук макамдын бүтүп жаткандыгына байланыштуу өзүмдүн талапкерлигимди кайрадан койдум, колдоп берүүңүздү суранат элем. Алдын ала ыраазычылык билдирем. Wikipedia:Администраторду шайлоо#Талапкерлер. Абдырашит Сатылганов (баарлашуу)

айылдык аймагы ---> айыл аймагы[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. "Айылдык аймагы" вариантты "айыл аймагы" вариантында жазсаңыз жакшы болмок. Мисалы, Үч-Коргон айыл аймагы.

Азыркы учурда мыйзамдарыбызда, башка укук-ченемдик актыларыбызда бирдиктүү жазылышы жок( Баш аламандык десе болот, ар кайсы жерде ар кандай жазылган, башка сөздөр менен да ушундай. Ал жерде көпчүлүк каталар бар, андан тышкары кээ бир нормалар орус варианты менен дал келбейт. Ошондуктан мыйзамдардагы жазылышын толугу менен үлгү катары алалбайбыз. Көпчүлүк жерде айыл аймагы деген жазылышы колдонуп жатат. Орус тилдүү уикипедиясында иштегенде да мен атаган вариат бардык макалаларда колдонуп турчу. Долбоорубуз өнүкпөгөнү үчүн орус тилдүү уикипедияны да окушат. Менимче окурмандар "айыл аймагына" көнүп калышкан. Бир вариантка келсек жакшы болмок.

Мурда Кыргыз долбоорубузга салымым кошпогонума өкүнүп жатам. Көргөндө активдүү катышуучулар аз экен. Сизди статистикалардан таптым)--Bosogo (баарлашуу) 19:45, 27 Май (Бугу) 2021 (UTC)

Урматтуу Bosogo, кеңешиңизге чоң рахмат. "Айылдык" деп жазганымдын себеби - улутстаткомдун бекитилген расмий классификатор болчу. Сиз менен толук макулмун, ошону менен бирге макалалардын аталышы да мүмкүн болсо кыска болгону жакшы. Мындан ары "айыл аймагы" деп жазам. Баса, сиз айтып кеткен статистиканын шилтемеси менен бөлүшүп коёсузбу? Чоң рахмат. --Kmaksat (баарлашуу) 04:01, 28 Май (Бугу) 2021 (UTC)

https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D1%82%D0%B0%D0%B9%D1%8B%D0%BD:ActiveUsers Ишиңизге ийгилик. --Bosogo (баарлашуу) 06:02, 28 Май (Бугу) 2021 (UTC)

Bosogo мырза, чоң рахмат. --Kmaksat (баарлашуу) 08:35, 28 Май (Бугу) 2021 (UTC)

Администраторду шайлоо[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Менин талапкерлигимди колдоп койюңузду суранам. Бул жерде. Ал барактагы башында жазганымды аткара албайт экенмин, анткени аны Викимедиянын системалык администраторлору гана күйгүзүүгө уруксат экен. Бирок башка чечилбеген көйгөйлөр арбын (шилтемелердеги каталар, кереги жок барактар ж.б.). Рахмат.--Bosogo (баарлашуу) 17:32, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2021 (UTC)

Рахмат сизге. Администратордун макамы берилди.--Bosogo (баарлашуу) 19:00, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2021 (UTC)

Аталыштарды түзүү боюнча[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Калктуу конуштарга жана административдик-бирдиктерге аталыш бергенде бир түрдө берсек жакшы болот эле.
Мисалы: "Тынчтык, Сары-Колот айыл аймагы, Кара-Суу району" -----> Тынчтык (Кара-Суу району, Сары-Колот айыл аймагы);
Ак-Суу, Лейлек району -----> Ак-Суу (Лейлек району)
Айыл аймактардын макаларын түзүп баштаганда ушул түрүндө түзүп баштагам эле. Бүт аталыштар бир түрүндө болсун деген максат менен сунуштап жатам. Рахмат сизге.--Bosogo (баарлашуу) 17:41, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)

Bosogo мырза, туура сунуш, макулмун. Билишимче башка тилдеги викилерде да ушундай аталыш ыкмасын колдонушат (аталышы+кашаанын ичинде түшүндүрмө). Мындан ары калктуу конуштарды атаарда ушундай аталыш эрежесин карманалык, рахмат. Kmaksat (баарлашуу) 18:27, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)
Сунушумду колдогонуңүз үчүн рахмат. Bosogo (баарлашуу) 18:57, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2021 (UTC)
  • @Kmaksat Саламатсызбы. мындай багыттамаларды түзбөсөңүз жакшы болот эле, анткени эски аталыш менен барактардан мазмунун көчүрүү керек ― көп убакыт жейт. Бардык аталыштарды алмаштырып жаткам эле) Рахмат.--Bosogo (баарлашуу) 07:12, 3 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]
    @Bosogo мырза, саламатсызбы. Түшүндүм, макулдашып кеңеш бергениңизге рахмат. Мындай багыттама барактарды түзбөйүн.
    P.S. Негизи калктуу конуштардын аттарын өзгөртпөгөнгө аракет кылам, себеби эски баракка байланган көп мурунку шилтемелер иштебей калат (мисалы: "Кадамжай району" макаласында аты өзгөртүлгөн "Ак-Булак" айылына болгон шилтеме). Ушундай учурлар болбош үчүн багыттама барактардын түзгөнүмдүн себеби ошол эле. Kmaksat (баарлашуу) 05:46, 4 январь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Долбоордун аталышын аныктоо[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Биздин долбоорубуздун аталышын аныктоо үчүн талкуу башталды. Талкуу бул жерде жүрүүдө.--Bosogo (баарлашуу) 14:34, 13 Декабрь (Бештин айы) 2021 (UTC)

Долбоордун аталыштар мейкиндиктерин аныктоо[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы. Долбоорубуздун аталыштар мейкиндиктерин аныктоо үчүн талкуу башталды. Талкуу бул жерде жүрүүдө.--Bosogo (баарлашуу) 16:31, 24 Май (Бугу) 2022 (UTC)

Баарлашуу[булагын түзөтүү]

Баарлашуу 193.106.50.135 15:16, 17 декабрь 2023 (UTC)[жооп берүү]