Колдонуучунун баарлашуулары:Mirzoulugʻbek
Саламатсыздарбы
Туура айтасыз
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы! Мен жаңы макалаларды даярдоо менен алек болуп атам. Сизге айтып кетет элем сиздин да макала оңдоого укугуңуз бар. Кирип оңдой берсеңиз болот. Ишиңизге ийгилик! --Umut (talk) 10:25, 10 Декабрь (Бештин айы) 2012 (UTC)
Жер аттарынын аталыштарын өзгөртүү керек
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы Mirzoulug'bek! Тынымсыз иштеп жаткандыгыңыз жана керектүү жакшы макалаларды киргизип жатканыңыз үчүн кубанычтабыз жана дагы да ушундай демде уланта беришиңизге тилектешпиз, ошондой эле жеке жашооңузга ийгилик каалап, аман болушуңузду тилейбиз.
Сиз жасап жаткан макалалардын арасынан географиялык маалыматтарды камтыган айрым макалаларыңыздын аталышынын сайтка киргизүүдөгү жазылышын кандай жазуу керектиги тууралуу эскертейин дегем. Бизде, мурунураак бул сайттын жамааты тарабынан, макалалардын аталышын киргизүүдө "биринчи маанилүү аталыштын өзү, анан үтүрдөн кийин кыскача түшүндүрмөсү жазылсын" деген орток пикир кабыл алынган эле. Мисалы, Аксы районунун Коргон айылы тууралуу макаланы "Коргон, Аксы районунун айылы" деп киргизүү керек, бул өзү сайтка киргизүүдө гана колдонулат, ал эми макала жазылып жатканда кадимкидей жазылат. Тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм, бирок, мүмкүн болсо ушул түрдөгү макалалардын аталыштарын өзгөртүп чыгуу керек. Биз да кол кабыш кылабыз, буюрса. Саламым менен --Kgbek (talk) 07:17, 3 январь 2014 (UTC)
- Чоң рахмат! --Kgbek (talk) 08:30, 3 январь 2014 (UTC)
- Саламатсызбы!!! мен кыргыз википедиясында иштеш тартибин билбеген экенмин ошондуктан кичине катачылык кылып коюпмун. каталар болсо айтасынар деген үмүттөмүн. -Mirzoulug'bek (talk) 08:33, 3 январь 2014 (UTC)
- Саламатсызбы! Тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм, бизден бир аз ката кетиптир. Мүмкүн болсо кийинки макалаларыңдын аталыштарын дагы кичине кыскартып киргизе аласызбы. Мисалы, райондордун ичиндеги айылдар жөнүндө макалаларды "Сумсар, Чаткал району", "Коргон, Аксы району" деген сыяктуу кылып. Кыскараак болсун деген ой менен айттым, кечириңиз. Баса, макалаларыңызга "(Ошол) райондун калкконуштары" деген калыптарды кошо кетсеңиз, эгер өзүңүз жасай алсаңыз жасай кетсеңиз жакшы болот эле, сөзсүз деле эмес. Мен эки райондукун (Тогуз-Торо, Чаткал) жасап көрдүм. ишиңизге ийгилик каалап --Kgbek (talk) 12:42, 4 январь 2014 (UTC)
- Саламатсызбы!!! мен кыргыз википедиясында иштеш тартибин билбеген экенмин ошондуктан кичине катачылык кылып коюпмун. каталар болсо айтасынар деген үмүттөмүн. -Mirzoulug'bek (talk) 08:33, 3 январь 2014 (UTC)
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Request on meta.wiki
[булагын түзөтүү]Hi, your request on meta.wiki Request for Permission appears to be incomplete. Please read the provided instructions and provide a link to announcement or vote when applying for a temp or a permanent sysop flag. Thank you, M7 (talk) 13:29, 2 февраль 2014 (UTC)
No iwiki
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы Mirzoulug'bek! 2 категория?
Ишиңизге ийгилик! --Cekli829 (talk) 11:24, 23 февраль 2014 (UTC)
Бар болуңуз, Сиз айылдар боюнча жазып жаткан макалаларда "айыл округу составына кирет" деген айкаш туруктуу учурайт. Учурда составы - курамы болуп ырасмий которулганын эске алсаңыз. Мисалы, "айыл округунун курамына кирет" десек туура болмок. Ишиңизге ийгилик --Chorobek (talk) 10:36, 6 апрель 2015 (UTC)
- Бул макалаларды да көрүп чыгам, Кудай буюрса баардыгын состав сөзүнөн курамы сөзүнө алмаштырам.--Mirzoulug'bek ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:Mirzoulug'bek|баарлашуу]]) 14:56, 4 март 2016 (UTC)
Урматтуу Mirzoulug'bek, кылып жаткан салымыңыз үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!
Бирок учурда сиз кошуп жаткан жылдар макалаларынын баарын орфографиялык ката менен түзүп бара жатасыз!
Түзгөн макалаларыңыздагы каталарды толугу менен оңдоп чыгып, жаңы жазылышын такташмайын, жылдарды автоматтык кошууну токтошуңузду талап кылам.
Ката менен автоматтык түзүүнү уланта берсеңиз, сиздин эсепти убактылуу бөгөттөөгө туура келет. Муну караңыз: Кыргыз тилинин жазуу эрежелери
--Chorobek ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:Chorobek|баарлашуу]]) 08:18, 4 март 2016 (UTC)
- Салам! Chorobek жылдар жөнүндөгү макалалар бүттү бирок дагы кемчиликтери бар. Мисалы негизги бөлүмүн жазуу жана ар бир макалага жок дегенде бирден, негизги окуяларды жазуу. Орфографиялык катачылыктарды деле оңдоого аракет жасап жатам. Эгерде сизде сунуштар болсо берсеңиз жакшы болот эле. Мисали бир 100-жылды оңдоп көрсөтсөңуз калган жылдарды ушул макалага карап түзөтөт элем. Урмат менен! --Mirzoulug'bek ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:Mirzoulug'bek|баарлашуу]]) 14:29, 4 март 2016 (UTC)
Кыргызстандын географиясы боюнча
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы! Биз учурда, Кыргызстандын географиясын башынан аягына чейин категориялаштырып жатабыз. Сиз учурунда айыл-кыштактарды массалык түрдө киргизиптирсиз. Бирок, азыркы учурда ал макалалардын баарында төмөнкү каталар бар экен:
- "Мындай айыл тигиндей айыл округунун составына кирет" деген жерде "округду" "аймакка" алмаштырыш керек. Анткени, 2012-жылдан бери айыл округдары айыл аймактары болуп калыптыр.
- Жогорудагы эле фразадагы "состав" деген сөз "курам" деп которулушу керек.
- Ар бир айылдын ичиндеги "ОЖ" калыбында "Район: Кыргызстан" болуп туура эмес жазылып калыптыр.
Ушулардын баарын массалык түрдө оңдой аласызбы же ал болбосо дагы кандай кылып оңдой аласыз?
Калыптардагы жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы Мирзоулугбек,
Кыргызстандын кээ бир райондорундагы айыл аймактары тууралу толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү сиздин калыптарыңыздарга киргизип жатам. Булагы - Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 11.06.2020.
Hi, could you please take a look at these deletion requests? Rschen7754 01:04, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 (UTC)
- Салам сиз айткандай карап өчүрүп чыктым. Эскертип көрсөтүп койгонунузга рахмат! MirzoUlug'Bek 08:02, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 (UTC)
Макалалардын аталышы
[булагын түзөтүү]Арыбаңыз. Макалалрдын аталышы тууралуу сөз кылмакчымын) Калктуу конуштун аталышы башка макаланын аталышы менен кайталанбаса — таандык районун жазуу кажети жок. Эгерде райондун аталышын жазуу кажети бар болсо, аны кашааларда жазсаңыз жакшы болмок. Мисалы, Кызыл-Байрак (Коргондөбө району). Рахмат. Bosogo (баарлашуу) 10:53, 1 январь 2023 (UTC)
Сиздин добушуңуз керек!
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы! Мен өзүмдү администраторлукка шайлоого бул макалада — Шайлоо сиздин ой пикириңиз керек. Чоң рахмат. Lauriswift911 (баарлашуу) 18:54, 26 январь 2023 (UTC)
«Газель» сөзүнүн кыргыз тилине которуулушу жөнүндө
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы.
Fountain кошулган «Абу-Даби» барагына сиз «Газел деген сөз кыргыз тилинде Жейран болот. Ошондуктан кыргыз тилинде так жазуу керек. https://ky.wikipedia.org/wiki/Жейрен» деген маалыматты калтыргансыз.
«Газель» деген термин/аталыш кыргыз тилинде бар экендигин сөздүктөн таптым жана кийинки далилдерди келтирем:
- Кыргыз тилинде «Жейран» деген терминди таба албадым жана булактардан мындай аталыштагы термин кыргыз тилиндеги сингармонизм (үндүүлөрдүн үндөшүүсү) эрежелерине төп келбестигин аныктадым.
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган Юдахин К.К. тарабынан түзүлгөн «Орусча-кыргызча сөздүктө» берилген маалыматтар:
- 141-баракта «ГАЗЕЛЬ I ж. зоол. газель (элик сыяктуу айбан)».
- 180-баракта «ДЖЕЙРАН м. жейрен».
Ушул зоологиялык терминдин кыргыз тилиндеги аталышын тактоо иретинде изденүүлөрдү жүргүздүм жана сизге кайрылууну туура көрдүм. Балким мен туура эмес маалыматтарга туш келгенмин же туура эмес булактырдан маалыматтарды алганмын деген шек саноомдон улам, «газель» термини/аталышы «жейран» же «жейрен» деп которулгандыгын далилдеген булактарга шилтеме берип же маалыматтар менен болушуп коюңузду өтүнүүнү туура көрдүм. Artelow (баарлашуу) 17:51, 26 январь 2025 (UTC)
- Саламатсызбы? Газель дегени негизи кыргыз тилине башка тилден кирип келген. Кыргыз тилиндеги айрым булактарда газель деп жазган болушу мүмкүн. Бирок, ишеничтуу булактарды карасаңыз жейрен болуп келет.
- : Мисалы: Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн биринчи бөлүгүндө Жейрен сөзү киритилген, бирок Газель де газел деген терминди көрбөйсүз.
- Мындан сырткары азаттык жана башка булактарды да карасаңыз Жейрен сөзү колдонулат. Спутник сайтын карасаңыз да жейрен деп берген.
- Мындан сырткары мектеп предметтеринде да Кызыл китепке кирген жаңыбарлар катарында да Жейрен деп келген бирок газель дегенин көргөн эмесмин. Кыргыз тилиндеги адабияттарда да Жейрен деген көп жазылат. Бул жөңүңдө жомоктор, ырлар, повесттерде көп көргөм бирок азыр ар бирин булагын издеп шилтеме кылып берүүгө кичине убакыт көп кетет. Ошондуктан муну түшүнү менен кабыл аласыз. Сизди да убара кылып койгонума өкүңүчтөмүң. Менин жана сиздин максатыңыз Википедияга колдон келгенче нукура кыргыз тилинде жазуу болуш керек, ошондуктан колдон келгенче изилденип жазганыбыз жакшы. Балким сиз айткан Жейрен жана Газель эки башка да болушу мүмкүн бирок муну да такташ керек. Mirzoulug'bek |@ 08:08, 27 январь 2025 (UTC)
- @Mirzoulug'bek Саламатсызбы. Сөздүктө газель жана жейрен эки башка жаныбар катары берилип жаткандай. Викиде да Жейрендер барагы орус тилиндеги Настоящие антилопы барагы менен байланышкан.
- Чынында эле терең изилдеп, таап жана тактай турган термин экен. Эгер кандайдыр бир маалыматтарды же сөздүктөрдү жолуктуруп калсаңыз, маалыматтар менен бөлүшүп коюнузду өтүнөм.
- Иштеринизге ийгилик! Artelow (баарлашуу) 09:02, 27 январь 2025 (UTC)