Кыргыз тилинин жазуу эрежелери

Википедия дан

Кербилек

Тыбыш, тамга жана алфавит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1-§ Тыбыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабий тилинде 39 тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз.

Үндүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • сегизи – кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү;
  • алтоо – созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү;
  • жетөө - жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу;
  • жетөө – ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү.

Үнсүздөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • алтоо – уяң: м, н, ң, р, й, л;
  • алтоо – жумшак: б, в, д, ж, з, г;
  • ону – каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, т, ц.

2-§ Тыбыштардын белгилениши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилиндеги тыбыштар 36 тамга менен белгиленет:
Аа, Бб, Вв, Гг, Дд, Ее, Ёё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Лл, Мм, Нн, ң, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя.

3§ Созулма үндүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
Мисалы: Аары, саат, жаа, жээк, бээ, оор, боор, жоо, өөн, мөөн, төө, уук, суур, буу, жүүн, күү, жөө, тоо, көө, ээр, суроо,кооз ж.б.

Тыбыштардын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үндүү тыбыштардын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

4-§. Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында – эгин, эки, элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин – бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар түрдүү орундарда – элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк, жээн, керээз, мээр ж.б.
  2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында – экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; үндүүлөрдөн кийин – аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин – мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.

5-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым-балам, эне-ым-энем, тара-ын-таран, укта-ып-уктап.

6-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат: аюу, коюу, боё+оо - боёо, ая+оо - аёо, тая+оо - таёо, жай+уу - жаюу, кой+уу - коюу ж.б.

Үнсүз тыбыштардын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

7-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төл сөздөрдүн аягында б, в, д, ж, г тыбыштары колдонулбайт, бирок өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө сакталат.

8-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

9-§. Б тамгасынын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол ("суроо" маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.

10-§. Г тамгасынын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
  2. Жоон үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл.
  3. Ичке үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин.
  4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада.
  5. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) – педагог (жазы-лышы) налок (айтылышы) – налог (жазылышы), диалок (айтылышы) – диалог (жазылышы), демагок (айтылышы) – демагог (жазылышы), залок (айтылышы) – залог (жазылышы).

11-§. Ж тамгасынын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж.

12-§. К тамгасынын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

  1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук.
  2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кадр, казарма, картон, климат, кодекс, курорт, край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат.

13-§. Ф, Х, Ц, Щ тамгаларынын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, ферма, фляга, цемент, цех, патефон, плащ, художник, цензура, футбол, химия, экскаваторщик, цирк, циркуль, щетка.
  2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары).
  3. Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
  4. Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.

Йоттошкон Е, Ё, Ю, Я тамгаларынын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

14-§. Йоттошкон е тамгасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурларда жазылат:

  1. Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
  2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет:

Европа, Египет, евангелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд.

  1. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а (-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий - киет, чий - чиет, кеңей - кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт.

15-§. Ё тамгасынын колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:

  1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, боёк, коён, оён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, ойон түрүндө йо менен жазылбайт.
  2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы - ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет сой - соёт, чой-чоёт, той-тоёт.
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
- сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: ёлка, заём.
- бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт, суфлёр, актёр.
- ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Фёдор, шофёр.
- орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижёр, стажёр, зачёт, счёт, счётчик, щёлочь, щётка.
- төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.

16-§. Ю тамгасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:

  1. Уңгу сөздөрдө ю - й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым - коюм, кой+ың - коюң, той+ын - тоюн, сой+ыш - союш ж.б.
  3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан: юу түрүндө жазылат: кой+уу - коюу, сой+уу - союу ж.б.
  4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.

17-§. Я тамгасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:

  1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт(айант), баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат).
  2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т - жаят, кый+а+быз - кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар - жыяр (жыйар эмес).
  3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк.

III. Баш тамгалардын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

18-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат. Мис.: Эмгек – бакыт. Биз - элибиздин маданий байлыгына мурасчыбыз.

19-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйлөмдүн же энчилүү аттын башына келген созулма үндүүнүн биринчи тамгасы баш тамга, экинчиси кичине тамга менен жазылат: Аалам, Ооруктам, Уулум, Ээрден, Аалы ж.б.

20-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат (VI бөлүмдү караңыз).

Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уңгу сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты ж.б

22-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири ж.б.

23-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ноюбас, ным, нике ж.б. Ал эми нечен-эчен, небак-эбак, нары-ары болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет.
Эскертүү: бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмеси [https://web.archive.org/web/20130603121646/http://www.bizdin.kg/ru/component/k2/item/362-%D0%BA%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7-%D1%82%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BD%D0%B8%D0%BD-%D0%BE%D1%80%D1%84%D0%BE%D0%B3%D1%80%D0%B0%D1%84%D0%B8%D1%8F%D0%BB%D1%8B%D0%BA-%D1%81%D3%A9%D0%B7%D0%B4%D2%AF%D0%B3%D2%AF Archived 2013-06-03 at the Wayback Machine] бериле.

Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

24-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б.

25-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чакчыл -а (-й) мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, жана толук -мын болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем-келемин, окуйм-окуймун, алам-аламын, барам-барамын ж.б.

26-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өткөн чактын -ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын -ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган түрлөрүнүн бардыгына тең жазууда жол берилет: келгенмин-келгемин-келгем, барганмын-баргамын-баргам, окуганмын-окугамын-окугам ж.б.

27-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, барыш, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: энемдин-энемин, энемди-энеми, энемден-энемен, энеңдин-энеңин ж.б.

28-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1-,2- жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык -ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: баламкы//баламдыкы, иниңки//иниңдики, агамкы//агамдыкы, эжеңки//эжеңдики.

29-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: байыртан//байыртадан, илгертен//илгертеден, эмитен//эмитеден, азыртан// азыртадан.

30-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

-оо, -уу, -өө, -үү мүчөсүнөн кийин -чы мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү, бургулоочу түрүндө жазылат.

31-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергечү, ширетчү, бакчу, иштечү түрүндө гана жазылат.
Эскертүү: этиш сөздөрдүн -ычу, -учу, -үчү формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б.

32-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес, педагогго; Калининградта эмес, Калининградда; Гамбургка эмес, Гамбургга; Алиевтин эмес, Алиевдин ж.б.

33-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат: көк+ыш=көгүш, бак+ар=багар, чап+уу=чабуу, китеп+ы=китеби, бак+ында=багында, топ+ым=тобум ж.б.

Эскертүү: тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж. б.

34-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы уяң үнсүз менен бүткөн сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да жазылышына жол берилет: карыным-кардым, мурунуң-мурдуң, эриниң-эрдиң, ийиниң-ийниң ж.б.иттер

35-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//-ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште+ар=иштээр, башта+ар=баштаар, ойло+ар=ойлоор, ка-ра+ар=караар ж.б.

Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө -ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр, жиби+ир=жибир, ысы+ыр=ысыр, ээрчи+ир=ээрчир

36-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үнсүз менен аяктаган этишке -ар мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар+ар=барар, кел+ар=келер, сат+ар=сатар, жүр+ар= жүрөр ж.б.

37-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл -ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм+ып=ээмп, сеп+ып=сээп, өп+ып=өөп, чап+ып=чаап ж.б.

38-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы н тыбышы менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, н тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышы мүмкүн, бирок жазууда жол берилбейт: түңкү эмес, түнкү; түмбү эмес, түнбү; күңгө эмес, күнгө ж. б.

39-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы з тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: сөссүз эмес, сөзсүз; касса эмес, казса; тоссо эмес, тозсо (эскирсе); асчылык эмес, азчылык ж.б.

40-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы ч тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч, т тыбыштарынан башталган мүчө жалганса, ч тыбышынын ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: ушсуз эмес, учсуз; кашты эмес, качты; уушта эмес, уучта; чашса эмес, чачса ж.б.

41-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күчөтмө маанидеги кап-, көп, кып-, кип-, күп-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп- ж.б.у.с. формалар негизги сөз менен бирге жазылат: капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, аппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз. Ошондой эле тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат.

42-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка тилдерден өздөштүрүлгөн на-, бей-, анти-, контр-, ди- сыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, нааразы, натуура, бейкам, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог ж.б.

V. Татаал сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бириккен сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйлөм жазылышын көрсөтүү

Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара бириккен сөздөр бирге жазылат: бүгүн, быйыл, каер, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, унчук, кайната, байке, агайын, былтыр, бүрсүгүнү, антип, минтип, ушинтип, ошентип ж.б.

Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

44-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани берип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, балжууран, карагат, алмончок ж.б.

45-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт жана айрым-айрым жазылат: тилгат эмес, тил кат; коңгарга эмес, кон карга; колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат.

46-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат: асыресе, тиригарак, жексур, ачкүсөн.

Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

47-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук.

48-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татаал сандардын ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: он бир, жүз элүү эки, бир миң тогуз жүз токсонунчу, он беш, жыйырма үч, он эки, кырк бешинчи.

49-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, айттырып ий, кете бер, алып барып кел, таап кел, алып барып бере кой, сурап чыга кал, жыгылып кете жаздап барып токтоду, келе жатат ж.б.

Эскертүү: "жат" деген жардамчы этиш кыскарып "ат" болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: баратат, келатат ж.б.

50-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зат атооч менен этиштен, куралган кошмок сөздөр да айрым жазылат: жардам кыл, жардам эт, кол шилте, кол сал, баш ийдир, салам бер, баш тарт, азап чек, өч ал, кол кой, таасир эт, өмүр сүр, курман бол ж.б.

51-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор), бир кезде, ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир паста (татаал тактоочтор).

52-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк жазылат: эшек такалаган, тили буудай кууруган, кара кылды как жарган, колтугуна суу бүркүү, жумурткадан кыр издөө, камырдан кыл сууругандай, мурдун балта кеспеген, талпагын ташка жаюу ж.б.

53-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектешин айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, бар эле, сен го, эң сонун, бах чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, мага чейин, тоого дейре, ар нерсе, ар ким, кимдир бироо, эч качан, эч жерде, эч нерсе, ар качан ж.б.

Эскертүү: эчтеке, эчтеме, эчтемке, бирдеңке, бирдемке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат.

Кыскартылган сөздөр жана алардын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

54-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: УИА (Улуттук илимдер академиясы), КУУ (Кыргыз улуттук университети), УАК (Улуттук аттестациялык комиссиясы).

55-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө улаганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КУУнун, УАКтын, МАИнин, КТРдин, КРдин ж.б.

56-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи муундарынан кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып, бирге жазылат: химфак, физприбор, филфак, турфирма ж.б.

Кош сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

57-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат: сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, эки-үч, улам-улам, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр, тарс-турс, жылт-жулт, жүрүм-турум, каада-салт ж б.

VI. Энчилүү аттардын жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

58-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Аян, Кыял, Балка, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс, Чолпон, Тынай, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б.
  2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Элтегин, Сонунбала, Мамбеткалыб, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Элмира ж.б.

Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

  1. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглы, заде ж.б. сыяктуу). кошулуп

айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы.

Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж. б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин).

  1. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет.
  2. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, Назгуль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил.
  3. Адам аттарына -лык, -чы, чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил.

59-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат: Адам ата, Умай эне, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата, Зеңги баба, Көкө теңир ж.б.

60 -§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Бонч-Бруевич, Жан Жак Руссо, Салтыков-Щедрин, Иоганн Себастьян Бах ж.б.

Эскертүү: Орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джек, Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдошов, Джаныбеков сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдошов, Жаныбеков түрүндө жазылат.

61-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып (солто, саяк, кыдык, орус, хакас), татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: сарыбагыш, карабагыш, боркемик, каракытай, бешкүрөң, чакчабай, акбилек, элчибай, отузуул ж.б.

Эскертүү: бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү катар жазууга жол берилбегендиктен, «Куу уул» этноними айрым жазылат.

62-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Чолпон, Жетиген, Жети Каракчы, Алтын Казык, Үркөр, Саманчынын Жолу.

Эскертүү: эгерде жер, күн, ай деген сөздөр астрономиялык энчилүү ат эмес, жалпы ат маанисинде колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат. Мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды.

63-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айбанат, куштардын энчилүү аттары (зоонимдер) баш тамга менен башталып, түгөйлөрү бириктирилип жазылат: Акборчук, Аккула, Кербилек, Акшумкар, Бөрүбасар, Чалкуйрук, Гүлсарат, Телтору, Суречки, Сарала.

64-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Нарын, Гүлчө, Жазы ж.б.
  2. Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп, айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Көл, Соң-Көл, Ысык-Ата, Ала-Тоо, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кара-Үңкүр, Кум-Төр ж.б.
  3. Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса,

бириктирилип жазылат: Кеңкол, Каракол, Чаткал, Улакол, Торугарт, Балгарт, Аламүдүн, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур, Мырзаке, Чалдыбар.

  1. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (мындай географиялык аттардын дефис коюлбай жазылышы орус орфографиясындагы эрежелерге негизделет, анткени бул сыяктуу аттар орус тилинде да дефис коюлбай жазылат): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка ж.б.
  2. Кыргыз тилине которулбай алынган (орусча кандай айтылса, ошол калыбынча колдонулуп жүргөн) жана орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган татаал географиялык аттардын арасына дефис коюлуу же коюлбай жазылуу жагы орус орфографиясындагы принциптерге ылайык иштелет. Буга төмөнкүлөрдү мисал кылууга болот: Кривой Рог, Ясная Поляна, Усть-Каменогорск, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жанейро, Нью-Йорк, Сан-Франциско.
  3. Географиялыкэнчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысык-Көл//ысык-көлдүк, Нарын//нарындык.
  4. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самарканд, Ташкент, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Кызылжар, Түркия ж.б.

Эскертүү:
I) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоң-Сары-Ой айылы ж. б.; II) түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Түштүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысык-Көлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы ж.б.

65-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Географиялык энчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турган учурда арасына сызыкча коюлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош-Эркечтам-Кашкар жолу, Бээжин-Үрүмчү-Алматы-Бишкек-Ташкен темир жол каттамы, Бишкек-Москва-Өфө-Бишкек каттамындагы самолет.

66-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.

67-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.
  2. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин филология жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б.

68-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым жазылат: Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы, Эрдик медалы, Даңк медалы.

69-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхый окуя, майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басма сөз күнү, Нооруз майрамы, Орозо айт ж.б.

Эскертүү: майрамдын аты сан менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 9-Май ж.б.

70-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орундарын, атайын наамдарды, илимий даражаларды билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү ж.б.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдүү расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

71-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, гүлбак, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: "Ала-Тоо" аянты, «Эркиндик» гүлбагы, «Байсуу» кафеси, «Айсулуу» сулуулук салону, «Бишкек» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Илим» басмасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Кыял» бирикмеси.

72-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезит-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Тоо арасында» романы, «Каныбек» романы, «Сынган бугу» күүсү, «Агым» гезити, «Узак жол» повести.

73-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгерде көркөм чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сөз катары айтылса, алар тырмакчага алынып, ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: «Жаныш-Байыш», «Саринжи-Бөкөй» эпостору, «Козу көрпөш-Баян сулуу» чыгармасы.

VII. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

74-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр, негизинен, орус орфографиясындагыдай жазылат: жюри, бокс, аффикс, арбитраж, герб, банк ж.б.

75-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөрдүн айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкө-нака кыргыз сөзү, себеби аш-мушкө: сөздүн этимологиясы айгинелейт, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, үтүк, пол, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, шопур, жаркөп, машине, меш, деректир ж.б.

76-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген айрым сөздөр кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп (акыркы тыбышы түшүрүлүп же ага башка тыбыш кошулуп же акыркы тыбыштын ордуна башка тыбыш колдонулуп) жазылышына жол берилет: сутки эмес, сутка; ранг эмес, ранга; танк эмес, танка; ботинки эмес, батинке; каникулы эмес, каникул ж.б.

77-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аягы -пп, -тт, -сс, -мм кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү тыбыш менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: киловатт + да = киловатта, киловат + дан = киловаттан, класс + сыз = классыз ж.б

VIII. Ташымал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

78-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, бо-ек, то-ют, айтылган-дар, келген-дер, же ай-тылгандар. Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт; то-олордо эмес, тоо-лордо; бекинү-үчү эмес, бекинүү-чү, за-аркану-учу эмес, заар-кануу-чу.

79-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, ар, эл, тан, таан, суук, тоо, ээр, тарс, акт.

80-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары, араа, эне, эшик, ээле, элек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, унаа, ишен, имер сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаңы сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-га, а-та, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа э-не, э-шик, ээ-ле, э-лек, ө-мүр, ө-түк, ы-сык, оо-на, уу-ла, у-наа, и-шен, и-мер болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат.

81-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ъезд, под-ъезд болуп ташылбастан, баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд болуп ташылат.

82-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Йоттошкон я, ю, е, ё тамгалары менен келген муундар бөлүнүп ташылбайт: та-я, бо-е, ю-билей, чи-е, акаци-я.

83-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбыштар бири-биринен ажыратып ташылат: та-ккан эмес, так-кан; кана-ттуу эмес, канат-туу; ча-ппа эмес чап-па; ка-сса эмес, кас-са.

84-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас (мамлекеттик басма).

85-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан ажыратылып ташылбайт. Т.М. Мамбетжунушовдун, Б.Т. Рысалиевдин жана кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт.

86-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 10 км, 20 дм, 75 см; 10 т., 100 ц., 125 кг., 67 г.

Эскертүү: жазуу эрежелеринде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлүүчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.

IX. Дефис менен жазуунун эрежелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

87-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай! Эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунуңун (Турусбеков). Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс добуштар Жапарга угулуп турду (Баялинов).

88-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис - ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин сөзсүз коюлат: 2008-жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, жыйналыштын 2-маселеси – эмгек тартиби жөнүндө.
Эскертүү:

  1. Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын XVI-XVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы. Окуу жылынын III чейреги.
  2. Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: N 69 орто мектеп, N 1 китепкана ж.б.

89-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-эчки, 5-6 киши, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында.
  2. Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, «Восток-1″ Мерседес-600, Ауди-100, «Союз-9″ космос корабли, Пентиум-4 компьютери.

90-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр, жандама аныктоочтуу сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө-корреспондент, зоотехник-селекционер, механизатор-айдоочу, акын-драматург, врач-терапевт, премьер-министр, генерал-лейтенант, экс-чемпион, статс-катчы ж.б.

Эскертүү: төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис коюлбай жазылат: башкы кол башчы, улук лейтенант, медицина кызматынын капитаны.

91-§[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пресс-бюро, пресс-конференция, киловатт-саат, тонна-километр, корабль-спутник сыяктуу эки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөрүлүш тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2008 ж. 26 июнунан тартып азыркы учурга (2013 ж. бугу айы) чейин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтомунун негизинде.

  • 2002 жылдын 28 июнунан - 2008 жылдын 26 июнуна чейин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы № 830-11 токтомунун негизинде.

  • 1995 жылдын 7 мартынан - 2002 жылдын 28-июнуна чейин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995 жылдын 7-мартындагы № 65 Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү жөнүндө токтомунун негизинде.

  • 1953 ж. 30 майынан - 1995 жылдын 28 июнуна чейин.

Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиумунун «Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери жөнүндө» 1953-жылдын 30-майындагы Указынын негизинде.

Жээк созунун мааниси

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]