Колдонуучу:Asanbek

Википедия дан
Данил АСАН
thumb
Жалпы маалымат
Туулган жылы: 1985-жыл
Туулган жери: Кочкор-Ата, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Жогорку билими: Анадолу Университети, Түркия
Кыргыз тилине салымы: Компьютер сөзүн "эсепкер" деп которууну сунуштаган
Эсепкер
Ишмердүүлүгү: Туризм
Мурда аткарган кызматтары: Мейманкана администрациясы кызматкери

Данил Асан ( англисче - Danil ASAN) 1985 - жылы Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 12 жашына чейин Калыгул манаптын малын баккан.


Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калайы калк баягы эле талаа жумушу менен алек. Бири жылкысын минип алып малын жайлоого айдап бараткан, экинчиси болсо кетменди колго алып суу-нанын желкесине аскан бойдон талааны көздөй жөнөгөн, дагы бирөө кара курсактын айынан акча тыйын таап келейин деген ой менен базарды карай сапар тарткан. Бирок ал сырдуу дүйнө жөнүндө эч нерсе биле элек эле. Ар түрдүү, кереметтүү окуялар аны күтүп жатканын кайдан билет дейсиңер. Теке (июль) айынын аягында бул жарык дуйнөгө келди. Ал өзүн ый менен тааныштырды. Ошондо ата-энесине аларды бактылуу кылыш үчүн ар нерсеге даяр экенин билдиргиси келди окшойт. Кыскасы анын жарык дүйнөгө келиши ушундай болду, үй кубанычка толду. Анткени ал үйдүн тунгуч наристеси болчу. Атасы мекен чегинде аскердик кызматын өтөп жүргөндө Данил деген менен достошуп калган экен. Ошол достугун унутпаш үчүн ага ушул атты бериптир.

Wikipedia:Babel
ky Бул колдонуучунун эне тили Кыргызча.
en-3 This user is able to contribute with an advanced level of English.


tr-4 Bu kullanıcı Türkçe'yi ana dili gibi anlıyor.
kk-2 Бұл қолданушы қазақ тілін орташа деңгейде меңгере алады.
ru-2 Этот участник неплохо знает русский язык.
tk-1 Bu ulanyjy çör bir dereje bilen Türkmen dilini añsyrÿar.

Кыскасы анын жарык дүйнөгө келиши ушул сыяктуу өтө эле кереметтүү окуяларды камтыйт. Күндөр өтө берди, жамгыр жаады, кар жаады, кырман кызылга толду, нечендеген тойлор болду... Барган сайын бул жашоо Данилге жага баштады, негедир. Эң биринчилерден болуп кылым карыткан кыргыз тилин үйрөнө баштады. Себеби бул тилдин келечекте абдан кереги тиерин жүрөгү сезип жатса керек. Күндөр өткөн сайын убакытты бекер өткөрбөй чет тилдерди да үйрөнө берди жана азыр да үйрөнүүдө. Анткени эч бир тилдин зыяны жок экенин чоң-атасы ыраматылык Немат аксакал эч талыкпай кайра-кайра эскертчү. Акыры бул жашоонун кызыктуу, укмуштуу жана табышмактуу кереметтерге бай экенин түшүнүп жетти. Африка тилдеринин биринде "акуна матада", аңглис тилдүү туугандарда "life is good" деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Ансыз деле биздин эң мыкты үналгы борборлорубуздун бири эртеден кечке эле "жашоо-керемет" деп сайрап жатпайбы?!

Кече эле талпаңдап баскан, ар бир сөзү чоңдорду күлдүргөн, эч нерседен кабары жок кичинекей ымыркай заматта эр жетилип, жашоонун ысык суугуна көнүп, бойго да жетти.

Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр лицейин 2003 - жылы аяктаган соң Түркиянын сапаттуу жождорунун бири Анадолу Университетине (Anadolu Üniversitesi) тапшырды.

Данил эртең жөнүндө эч кандай ой пикирге ээ эмес. Мунун себеби бул жашоонун туруксуздугунда болсо керек. Анткени жашоо күндөн күнгө өзгөрө берген нерсе турбайбы. Азыркы абалды карап туруп, эртең эмне болоорун, эртенки күндүн кандай болушун эч бир пенде айта албаса керек. Албетте, Данилдин келечекке койгон ой-максаттары жок эмес. Анын оюнча ар бир адамдын келечекке койгон ой-максаттары сөзсүз түрдө болуш керек.


Бул дүйнө ар түрдүүлүгү менен кызык да. Ошондуктан өз маданиятыбызды сактап калуу үчүн ар кандай тоскоолдорду жеңип өтүп тилибизди, дилибизди, динибизди, каада-салттарыбызды сактайлы. Бул биздин эң негизги милдеттерибиз. Биз, адам баласы ага-ини, эже-сиңдибиз. Бир гана тилибиз менен түсүбүздө айырмачылыктар болбосо, биз бир дүйнөдө жашап жаткан туугандарбыз.

logo


[түзөтүү | булагын түзөтүү]

(adecas)