Мазмунга өтүү

Колдонуучу:Kgbek/Убайдулла хан

Википедия дан

Убайдулла хан (өзб. Ubaydullaxon / Ubaydulla Sulton / Ubaydiy; 1487-жыл, Хорезм — 1540-жыл, Бухара) — Бухара хандыгын 1533-40-жылдары башкарган жана шейбанийлер сулалесинен чыккан бешинчи падыша.

Махмуд уулу Убайдулла 1487-жылы төрөлгөн. Убайдулланын атасы атактуу Шейбани хандын бир тууганы болгон жана Орто Азияны бириктирүүгө катышкан. Убайдулла кичинесинде атактуу дин аалымдарынан таалим-тарбия жана билим алган. 1504-жылы Убайдулла 17 жашында атасынын ордуна Бухараны башкара баштаган.

Гиждуван салгылашындагы эрдик

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1510-жылы Ирандын башкаруучусу Исмаил шах орто-азиялыктардын саясий иштерине кийлигишип, Мервдеги салгылашта Шейбани хан көз жумган. Ошол жылы Гераттын шейхулисламы шахтын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 1512-жылы Нажми Сани деген колбашчынын жетекчилигинде ирандык шиий аскерлер кирип келип, Карши шаарынан 15 миң сунний мусулман адамды кырып салышкан. Мамлекеттеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн ошол кезде 25 жашта болгон Убайдулла шашылыш чогулуш уюштуруп, арасынан эң улуусу болгон Күчкүнчүнү хан көтөрткөн жана аскерлерди жетектөө милдетин өзүнө алган.

Бухарага жакын Гиждуван деген жерден эки тараптын жоокерлери беттешип, кандуу салгылаш болгон. Салгылашта Убайдулла баатыр жеңип чыгып, ал эми душмандарды ээрчитип келген Бабур Индияга кетүүгө аргасыз болгон. Эки жылдан кийин Исмаил шахды Осмон империясынын башкаруучусу Султан Селим да Чалдыран салгылашында жеңип алган.

Бийликте турган мезгили

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Убайдулла баатыр кийин 7 жыл хан болуп, мамлекетти ийгиликтүү башкарган. 1540-жылы Убайдулла баатыр-хан 53 жашында бул дүйнөдөн өткөн.

Чыгармачылыгы жана маданий саясаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Убайдулла баатыр-хан үч тилде эркин сүйлөп, көркөм ыр жазгандыгы да белгилүү.

Ал Йемендик Абдулла деген аалымды өзүнүн руханий насаатчысы катары эсептеген. Ошондуктан, шейхтин урматына 1530-36-жылдары Бухарада "Мири Араб" медресесин курдурган жана ал азыркыга чейин сакталган.

Маалымат булактары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]