Колит

Википедия дан
Колит

Колит — жоон ичегинин сезгениши. Ичеги-карын жолунун көп кезигүүчү оорусу. Колиттин пайда болушуна инфекция (дизентерия таякчасы, сальмонелла, амёба, балантидий жана башка), тамактануунун бузулушу, уулануу (сымаптан жана башка) себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле уремиялык ууланууда, карын менен ичке ичегиде тамак сиңүү начарлаганда (гастрит, панкреатит, гастроэнтерит), кээ бир антибиотикти, ич алдырма дарыны өз алдынча узакка колдонгондо болот. Колиттин себебине жана оордугуна жараша жоон ичегинин үстүңкү бети катардык сезгенүүдөн некроздуу жарага чейин жабыркайт.

Этиология жана патогенез[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колит катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Ичеги инфекциядан же уулануудан жабыркаганда катуу кармаган колит пайда болот (к. Дизентерия, Уулануу, Тамактан уулануу). Катуу кармаган колитте оорулуунун алы кетип, тамакка табити тартпай, ичи толгоп ооруп, өтөт, ыйынат. Эгерде колит инфекциядан болсо дене ысыйт. Заңда ириң, оор учурда кан болот. Катуу кармаган колитти туура эмес чала дарыласа өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Өнөкөт колит кээде инфекциясыз эле пайда болот. Мындай колитке туура эмес тамактануу, чала чайноо, спирт ичимдиктерин көп ичүү себеп болот. Өнөкөт колитте ичеги кыймылы (перистальтикасы) начарлайт, ичеги зили жана былжыры начар бөлүнөт, жоон ичегиден суюктукту соруу процесси өзгөрүлөт. колитте дисбактериоз маанилүү роль ойнойт (к. Кишинин микробдуу флорасы).


Колиттин белгилери оордугуна, жайылышына жана стадиясына жараша ар түрдүү болот. Ал кармаган учурда тамакка табити тартпай, жүрөгү айланып, алы кетет. Заңдаарда же андан кийин ич куушурулуп ооруйт. Күнүнө 3—4 жолу ич өтүп, кайра катып, көөп, курулдашы мүмкүн. Оор түрүндө ириң же кан аралаш заңдайт. Колиттин өнөкөт түрү бир жакшы болуп, кайра кармап турат. Жоон ичегини дүүлүктүрүүчү жана аллергиялык реакция чакыруучу тамак-аш (маринаддар, консервалар, татымал, мөмө цитрустар, капуста, бадыраң жана башка) ичүү, өтө чарчоо, тамак сиңирүүчү башка органдардын ишинин бузулушу колитти күчөтөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы мезгилде колитти дарылоонун натыйжалуу методдору иштелип чыкты. Ич өткөктү басуу максатында ар кандай антибиотиктерди өз алдынча колдонуу өтө оор кабылдоолорго алып келет. Оору кабылдап турганда догдур сунуш кылган диета менен тамактануу режимин так аткаруу зарыл. Оору бир аз басаңдаганда тамак рациону кеңейтилет. Оору күчөп турганда өтө чарчабай, чыр-чатактан оолак болуу керек.

Оорудун алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колитти алдын алууда катуу кармаган ичеги ооруларын өз убагында туура дарылоо, тамактануу режимин сактоо, тиш протезин убагында салдыруу өтө маанилүү. Ичегинин былжыр челин дүүлүктүрүүчү ар кандай уу зат менен иштегендер коопсуздук техникасын сактап, убагы менен врачка көрүнүп турушу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8