Коллективдүү пикир

Википедия дан

Коллективдүү пикир - уюштурулган топ катары коллективдин кызыкчылыктарын чагылдырган, дал келүүчү көз караштардын, божомолдоолордун, баалоочулук ой-пикирлердин жыйындысы.

Коллективдүү пикир - группалык пикирдин ар түрү. Англиялык саясат таануучу Д.Робертсондун ою боюнча ал бир жагынан рационалдык индивидуализм, ал эми экинчи тарабынан стейтизм менен туура келишпөө үчүн негиз болуп эсептелинет; анда мамлекет же өзүмчүл индивиддин эмес, түрдүү багыттагы коллективдин кызыкчылыктары эске алынып, оз ара таанылган укуктарга жана милдеттүүлүктөргө, азчылыктын байлыгына эмес, жалпынын жыргалчылыгына басым жасалат.

Коллективдүү пикир- коомдук ой-пикирди түзүүчүлөрдүн негизгилери: бул планда алар индивиддин психикасын өзүнө баш ийдирген коллективдүү элестетүүлөр жөнүндөгү Э.Дюркгеймдин идеясына жана коллективдүү психика жөнүндө В.Вундпун идеясына таянган саясий психологдордун анализинин предмети боло алышат.

Коллективдүү пикир - батыш саясат таануучулары атаган «көпчүлүктүн тираниясы» (Эркиндик жөнүндөгү эссесиндеги Ж-Ст. Миллдин сөзү) менен мүнөздөлөт. Бул болсо жалпы кабыл алынгандан айырмаланган ой-пикир жана жүрүм-турумга чыдабоого алып келет. Ушундан улам аны баалоодогу бүткүл инстанциялардын маанилүүлүгү келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8