Колхида ойдуңу

Википедия дан

Колхида ойдуңу, Риони ойдуңу Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Сухуми жана Кобулети шаарынын аралыгын), Риони жана Ингури дарыясынын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 км аралыкка созулат. Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллювий түздүгү. Бийиктиги 150 мге чейин (чыгышында). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолтубо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орточо температурасы 4,5-6°С, августтуку 23-24°С. Жаан-чачын жыл мезгили боюнча бир калыпта мол (жылдык орточо өлчөмү 1400-1900 мм) жаайт. Палеостоми көлү бар. Ыраң-дүйүм чөптүү жана камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургатылууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (ольха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) жана дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг жана башкалар) өстүрүлөт. Колхида коругу бар. Аймагында 1987-ж. алаамат суу каптоо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]