Риони

Википедия дан
Риони.

РиониГрузиядагы дарыя. Узундугу 327 км, алабынын аянты 13,4 миң км2. Чоң Кавказ кырка тоосунун түштүк капталдарынан башталып, Кутаиси шаарынан төмөнүрөөк Колхида ойдуңу боюнча агат. Кара деңизге куярда (Поти шаарынын жанында) дельтаны пайда кылат. Орточо чыгымы 405 м3/секдай. Суусу өтө киргилт. Самтредиа шаарынан кеме жүрөт. Они шаарынан сал агызылат. Ортонку агымында сугатка пайдаланылат. Рионинин жогорку агымындагы өрөөн аркылуу Аскер-Осетин жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]