Компрадор буржуазия

Википедия дан

Компрадор буржуазия (исп. comprador - сатып алуучу) - экономикасы начар (колония, ошондой эле көз каранды эмес) өлкөлөрдүн улуттук буржуазиясынын колонизаторлор менен тыгыз байланыштуу бөлүгү.

Компрадор буржуазия ички жана тышкы рынокто чет элдик компаниялар менен соода арачысы катары кызмат кылат. Ал көбүнчө өз өлкөсүнүн дыйкандары, кол өнөрчүлөрү менен чет элдик монополияларга далдалчы болот. Компрадор буржуазия колония системасы менен бирге пайда болгон. Ал эң мурда улуттук эзүүчү топтордон (көпөс, сүткор, феодал) түзүлүп, саясат, экономика жагынан чет өлкөлүк капиталга түздөн түз баш ийип, алардын кызыкчылыгын көздөйт. Анын саясий багыты көбүнчө улуттук буржуазиянын максатына туура келет. Бирок буржуазиянын бул түрү ишинин мааниси боюнча чет элдик капитал менен тыгыз байланышта болуп, анын экономикалык жана саясий таасирин көбүрөөк кабыл алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.