Конседиментациялык бүктөлүү

Википедия дан

Конседиментациялык бүктөлүү (лат. con (cum) - бирге, менен, sedimentum - чөгуү) - деңиз жана материк ичиндеги бассейндерде чөкмө тектердин катмарлануусу менен бирге, бир убакта пайда болгон бүктөлүүлөр.

Постседиментадиялык (чөкмө тектер пайда болгондон кийинки) бүктөлүунүн карама-каршысындагы түшүнүк. Терминди 1948-ж. С. С. Шульц Тянь-Шандагы мезозой-кайнозой тоо тек катмарларын изилдөөнүн натыйжасында сунуш кылган. Конседиментациялык бүктөлүүгө тереңдикте пайда болгон майда бүртүкчөлүү чөкмөлөр (чопо, мергель, аки таш жана кремнийлүү тоо тектер) синклиналдардын чуңкурунда, ал эми тайыздыкта пайда болгон кесек бүртүкчөлүү чөкмөлөр (кум, кесекчелүү жана органогендик аки таш теги ж. б.) антиклиналдардын төбөсүндо орун алышы; катмарлардын калыңдыгы синклиналдан антиклиналдьш төбөсүн карай азайышы мүнөздүү. Конседиментациялык бүктөлүү платформалардын плиталарында, ороген кырчоолорундагы алдыңкы жана тоо аралык ойдуңдарда кеңири тараган. Конседиментациялык бүктөлүү байыркы бүктөлүүлөрдө да кезигет. Мисалы, кембрийде пайда болгон Конседиментациялык бүктөлүү Кыргызстанда Көк-Ийрим тоосунан аныкталган (К. С. Сагындыков, 1964).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.