Контрацепция

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Эркектердин презервативи, түрүлгөн абалда

Контраце́пция (жаңы лат. contraceptio – бөтөнчө) – кош бойлуулукту механикалык (презервативдер, моюнча капкакчалар ж.б.), химиялык (мисалы, кындын шарчалары, грамицидин пастасы) жана башка бойго бүтүрбөөчү каражаттар жана ыкмалар менен алдын алуу.

Айрым усулдар (мисалы, презервативдер) КИВ жана башка жыныстык жол менен жугуучу оорулардын жугуу ыктымалдыгын бир кыйла азайтат.

Контрацепциянын мааниси[оңдоо | булагын оңдоо]

Контрацепция бойго бүтүрбөө үчүн колдонулуучу ыкманы же түзмөктү билдирет. Контрацепция илгертен бери эле колдонулуп келген, бирок төрөлүүнү коопсуз жана майнаптуу көзөмөлдөө усулдары 20-кылымда гана жеткиликтүү боло баштады.

Азыркы учурда контрацепция аялдын ден соолугун сактоочу эң орчундуу багыттардын бири катары каралат. Биринчиден, бул керексиз кош бойлуулуктан жана анын кесепети катары аборттон жана андан кийинки кабылдоолордон алдын алат. Жакынкы мезгилдерде контрацепциянын айрым түрлөрү терапиялык максаттарда колдонула баштады.

Мисалы, өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болушунун кесепети чоң. Ар тараптуу жыныстык тарбия берүү жана төрөттү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бул курактык топто керексиз кош бойлуулук деңгээлин азайтат. Эгер аял төрөттөн кийин эмчек эмизбесе, төрт-алты жуманын ичинде кайра боюна бүтүп калышы мүмкүн. Төрөлүүнү көзөмөлдөөнүн айрым ыкмаларын төрөттөн кийин дароо баштаса болот. Менопаузага жеткен аялдарда акыркы этек кири келгенден кийин бир жыл бою төрөтүн көзөмөлдөөнү улантуу сунушталат.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу кош бойлуулуктан өлгөндөрдүн санын 40%га кыскартты. Кош бойлуу болуунун аралыгын узартуу, төрөттү көзөмөлдөө менен жашы жеткен аялдардын төрөтү жакшырды жана алардын ымыркайлары аман калууда.

Усулдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Учурда кош бойлуулукту алдын алуу үчүн бойго бүтүрбөөчү ыкмалар (контрацептивдер) эркектер үчүн да, аялдар үчүн да кеңири жеткиликтүү. Жүрүм-турумдук жөнөкөй ыкмалардан баштап кыйла татаал, хирургиялык кийлигишүү ыкмаларына чейинки түрлөрү бар. Бойго бүтүрбөө ыкмасын ар ким жекече тандашы зарыл.

Кишинин жаш курагы, балдарынын саны, контрацепциянын белгилүү бир түрүнө чыдамдуулугу, тукум улоо ниети жана белгилүү бир ыкманы колдонгондо күчөп кетиши мүмкүн болгон өнөкөт оорулары сыяктуу жеке факторлорду эске алуу керек. Бардык ыкмалардын чектөөлөрү бар болгондуктан, колдонуучу алар кандай экендигин билип, акыры ыкмалардын бирин тандап алса болот.

  • Тосмо контрацепция

Тосмо ыкмалар уруктун аялдын тукум улоо органдарына өтүшүнө кедерги болуучу же алдын алуучу тулкулук тоскоол жаратат. Эң таанымал тосмо ыкма – эркектердин презервативи. Полиуретандан жасалган аялдар үчүн ички презерватив фемидом да бар. Ички презервативдин учунда ийкемдүү шакекчеси бар – бири презервативди ордунда кармап, кын каналынын түбүндө калат, экинчиси кындын сыртында жайгашат.

Учурда презерватив менен фемидом (аялдардын презервативи) жыныстык жол менен жугуучу оорулардан, анын ичинде КИВ инфекциясынан сактай турган бирден бир контрацепция каражаты болуп саналат, ошондуктан аларды контрацепциянын башка (гормоналдык, химиялык) ыкмаларына кошумча колдонсо болот.

  • Гормоналдык ыкмалар

Овуляцияны болтурбоо үчүн гормондорду (адатта синтетикалык) киргизүү менен энелик циклге таасир этүүчү гормоналдык контрацепциянын көптөгөн ыкмалары бар. Гормоналдык контрацептивдер ичме таблеткалар, тери астына киргизилүүчү имплантаттар, ийнелер, пластырлар ​​жана кындын шакеги өңдүү ар кандай формада болот.

Учурда алар аялдар үчүн гана жеткиликтүү, бирок гормоналдык бойго бүтүрбөөчү каражаттар эркектер үчүн да клиникалык текшерүүдөн өткөн жана өтүп жатат. Ичүүчү бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын эки түрү бар: ичме, бойго бүтүрбөөчү айкалышма таблеткалар (курамында эстроген жана прогестин бар) жана прогестогенди гана камтыган таблеткалар. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын эки түрү тең овуляцияны басып, уруктануудан алдын алат.

  • Химиялык ыкмалар

Химиялык дары-дармектердин таасири сперматозоиддерге тоскоолдук жаратат (цервикалдык былжырды өзгөртөт же кындын ичинде көбүк пайда кылат). Шарча, паста, май жана таблетка түрүндө болот. Алар жыныстык катнаш жасаар алдында ордунан колдонулат. Аларга спермициддер (эркектин денесинен тышкары сперматозоиддерди өлтүрүүчү заттар) да кирет.

  • Жатын ичиндеги ыкмалар

Жатын ичиндеги ыкмалар жатындын ичине жайгаштырылган түзмөктөрдү билдирет. Адатта алар «T» тамгасы түспөлүндө болуп, туткалары жатындын ичиндеги түзмөктү кармап турат. Жатын ичиндеги уюлгу жана башка түзмөктөр негизинен узак мөөнөттүү химиялык таасир менен механикалык эфектти айкалыштырат.

  • Хирургиялык ыкмалар

Тукум улоону үзгүлтүккө учуратуучу хирургиялык стерилдөө аялдардын жатын түтүкчөлөрүн стерилдейт жана эркектерге вазэктомия жасайт. Стерилдөө биротоло жасалат деп эсептелгени менен, жатын түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн жатынды бурууга болот. Бирок мындай операциянын ийгиликтүү болоруна кепилдик жок.

  • Биологиялык ыкмалар

Аял бойго бүтө турган эң ыңгайлуу мезгилди аныктап, мындай «кооптуу күндөрдө» жыныстык катнаштан карманат же мындай күндөрү бойго бүтүрбөөчү башка ыкмаларды, мисалы, презервативди колдонот.

Контрацепциянын биологиялык ыкмаларына жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратуу жолун кошсок да болот. Болтурбай коюу ыкмасы деп да аталган жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратуу – бул эякуляцияга чейин жыныстык катнашты токтотуу. Үзгүлтүккө учураган катнаш ыкмасынын негизги тобокелдиги – эркек киши амалды туура же өз убагында аткара албай калышы ыктымал экендиги.

Натыйжалары     [оңдоо | булагын оңдоо]

Контрацепциянын негизги артыкчылыгы – 99% ыктымалдуулук менен керексиз кош бойлуулуктан сактагандыгы. Мындан тышкары, таблеткалардын курамындагы гормондор этек кир циклине жакшы таасирин тийгизип, аны так жана ооруксунтпай өткөрөт жана безеткилерге каршы күрөшүүгө жардам берет.

Жакшы сапаттары менен катар, бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын жагымсыз кесепеттери да бар.

Алар:

  • баш оору;
  • чарчоо;
  • сүт бездеринин оорушу;
  • либидонун төмөндөшү;
  • дене салмагынын өсүшү.


Саналып өткөн жышаандар бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын кыйыр таасирлери экендигин белгилей кетүү керек, алар дары колдонулбай калар замат же эки-үч айдын ичинде жоголот. Ар бир адамдын организми ар башка, демек, дары-дармектерге болгон жооп кылуусу жана жеке гормоналдык фону да өзгөчөлөнөт.

Контрацептивдерди ичүүдөн мурун дарыгерлерге кайрылып, сизде бойго бүтүрбөөчү таблеткаларга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугун аныктоо үчүн толук текшерүүдөн өтүшүңүз керек.

Коом жана маданият[оңдоо | булагын оңдоо]

26-сентябрь – ар бир кош бойлуулук көӊүлгө төп келгидей болушу үчүн жыныстык жана тукум улоочу саламаттык жаатында маалыматтуулукту жогорулатууга жана билимди өркүндөтүүгө арналган Бүткүл дүйнөлүк бойго бүтүрбөө күнү. Аны Калкты отурукташтыруу боюнча башкармалык, Бойго бүтүрбөө боюнча Азия-Тынч океан кеңеши кирген өкмөттөр тобу жана эл аралык БӨУлар колдойт.

Диндердин төрөлүүнү көзөмөлдөө жана жалпы эле бойго бүтүрбөө боюнча адептик көз караштары кескин айырмаланат. Мисалы, исламда ден соолукка коркунуч туудурбаса, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга уруксат берилет, бирок айрымдар аны сунуштабайт. Исламда ислам шарияты боюнча жүйөлүү деп табылуучу себептери болсо, контрацепцияны чектелген өлчөмдө колдонууга уруксат берилет.

Ордуна келүүчү контрацепция үчүн мындай себептерге алсыздык, оору, аялдын сулуулугун/келбетин күйөөсү үчүн сактап калышты каалоосу жана башкалар кирет. Биротоло (орду толгус) контрацепцияны колдонууга аялдын өмүрүнө же ден соолугуна олуттуу коркунуч туулса гана уруксат берилет.

Католик чиркөөсү үй-бүлөнү демейки пландаштырууга гана уруксат берет, бирок өнүккөн өлкөлөрдөгү католиктердин көпчүлүгү төрөттү көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын туура деп таап, колдонушат. Буддисттердин кеңири тараган көз карашы боюнча бойго бүтүүдөн сактанууга болот, бирок бойго бүткөндөн кийин кийлигишпеш керек.

Шилтемелер     [оңдоо | булагын оңдоо]

1.      https://en.wikipedia.org/wiki/Birth_control#Society_and_culture

2.      https://pt.wikipedia.org/wiki/Contracep%C3%A7%C3%A3o#M%C3%A9todos

3.      https://es.wikipedia.org/wiki/Anticoncepci%C3%B3n#Sociedad_y_cultura

4.      https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/emergency-contraception

5.      http://kogalym-lpu.ru/informatsiya/rekomendatsii-vrachey/29111/ Archived 2020-08-07 at the Wayback Machine

6.      https://onclinic.ua/blog/birth-control-pills-dangerous-or-not