Коомдук коопсуздук комитети

Википедия дан

«Коомдук коопсуздук комитети» – 1917-жылы октябрь-ноябрь айларында Россиянын бир катар аймактарында түзүлгөн контрреволюциячыл уюм. Анын негизги максаты социалдык курулуш иштерине тоскоолдук кылуу болгон. Кыргызстандын аймагында алгачкы «Коомдук коопсуздук комитети» октябрь айынын 2-жарымында Пишпекте (төрагасы – эсер Новаковский), Жалал-Абадда (төрагасы – Ризаев) түзүлгөн. 1917-жылы анын мүчөлөрү Ош, Өзгөн Алай жана башка болуштуктарда жана кыштактарда контрреволюциячыл иштерди жүргүзүшкөн. 1918-жылы бийлик советтерге толук өткөндөн кийин жоюлган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]