Коро (шаар)

Википедия дан
Коро.

Коро шаарыВенесуэланын түндүк-батышындагы шаар. Фалькон штатынын административдик борбору. Кариб деңизине жакын, Парагуана жарым аралында жайгашкан. Калкы 256,4 миң (2009; штаттагы эң ири шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Шаар 1524-ж. негизделген. 1578-ж. чейин Венесуэла провинциясынын административдик борбору болгон. Собор (1583–1634), чиркөөлөр сакталган. Шаардын тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш (негизинен эт жана балык консервалары беленделет) өнөр-жай жана шаарга жакын өлкөдөгү эң ири нефть ажыратуучу (PDVSA компаниясынын) эки завод иштейт. Университеттер (анын ичинде Католик ж. б.), институт, китепканалар бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]