Мазмунга өтүү

Корчубек Акназаров

Википедия дан
Корчубек Акназаров
Туулган датасы:

1 -август 1922(1922-08-01)

Туулган жери:

Кызыл-Октябрь, Ленин району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

1 -февраль 2019(2019-02-01) (96 жаш)[[]]

Каза болгон жери:

Бишкек

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Дини:

Ислам

Партиясы:

Советтик Союздун Коммунисттик партиясы

Ишмердүүлүгү:

Саясатчы

Сыйлыктары:
«Ленин» ордени
«Ленин» ордени

Корчубек Акназаров (Кызыл-Октябрь, СССР, 1-август 1922Бишкек, Кыргызстан, 2019) — Коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин советтик-партиялык ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.

Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган[1]. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы Карл Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган

1947-жылдан тартып партиялык кызматтарда иштеп, адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болгон.

1961-жылдан 1990-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да парламентке депутат болгон

Корчубек Акназаров 2019-жылы 1-февралда Бишкек шаарында каза болгон[2]

Партиялык ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-жылдан КПССтин мүчөсү.
1947-жылдан партиялык жетекчи кызматта, 1961-1971-жылдарда партиянын Ак-Талаа райкомунун биринчи секретары болуп иштейт.
1971-жылы партиянын Жумгал райкомунун, 1972-жылдан партиянын Кочкор райкомунун биринчи секретары.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6-7-шайланышы.) депутаты.
1961-жылы 11-областтык партиялык конференцияда Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунун мүчөсү, ошол эле жылы Кыргызстан КПнин 12-сьездинде Кыргызстан КП БК мүчөлүгүнө кандидат, Кыргызстан КПнин 13-сьездинде Кыргызстан КП БКнин мүчөсү болуп шайланган.

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал Ленин ордени, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.