Коряктар

Википедия дан

Коряктар — эл. РФ Камчатка крайында жана Магадан областында жашайт.
Коряктардын саны 8 миң (2010).
Коряк тилинде сүйлөшөт.
Коряктар жөнүндөгү алгачкы кабарлар 1630—1640-жылдардагы орус документтеринде айтылат. Чарбасы жана турмуш-тиричилигинин өзгөчөлүгүнө жараша коряктар ошо кезде эле 2 топко — көчмөн-бугу өстүрүүчүлөргө (өздөрүн чавчыв деп аташат) жана деңиз боюнда отурукташкандарга (өздөрүн нымылын деп аташат) бөлүнгөн.
Дини — шаманизм менен анимизм.
Совет бийлиги убагында коряктардын турмушунда социалдык жана экономикалык терең өзгөрүштөр болду. Азыркы мезгилде негизги чарбачылыгы — балык уулоо жана малчылык (бугу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. Ө. Орузбаева. Фрунзе - 1978. Том 3.